Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Киев россиялык аэродромдорго чабуул койгонун бейрасмий мойнуна алды

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүУкраина кол салган Курсктагы мунай кампасындагы өрт
Украина кол салган Курсктагы мунай кампасындагы өрт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Жазылуу
Басылма чабуул кантип жасалып, кандай дрондор пайдаланылганы боюнча толугураак маалыматтар болбой жаткандыгын белгилеген.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Украинадагы жогорку даражалуу аткаминер америкалык Washington Post басылмасына маек берип жатып Киев режими Саратовдогу, Рязань, Курскидеги россиялык аэродромдорго чабуул жасаганын, бирок Украинанын расмий бийлиги үндөбөй турганын айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Бул моюнга алып, айтылып жаткан экинчи учур. Мурдараак New York Times басылмасы "украиналык расмий адамдарга" шилтеме кылып, пилотсуз учактар Украина аймагынан кое берилгендигин айтканын жазган.
Washington Post гезитинин маектеши да ошол нерсени кайталады.
"Бул украиналык пилотсуз учактар болчу", — деген ал.
Ал арада басылма чабуул кантип жасалып, кандай дрондор пайдаланылганы боюнча толугураак маалыматтар болбой жаткандыгын белгилеген.
Эске салсак, Россиянын Саратов, Рязань облустарындагы аскерий аэродромдору 5-декабрда чабуулга кабылган.
РФтин Коргоо министрлиги советтик өндүрүштөн чыккан пилотсуз аппараттар колдонулгандыгын, алар өтө бийик эмес учуп жүргөндүктөн атып түшүрүлгөндүгүн айткан. Кол салуудан россиялык үч аскер кызматкери курман болуп, дагы төртөө жабырланган.
Министрлик Киев режими мындай кадамы менен россиялык алыска учуучу авиациясынын ишине тоскоол болууга аракет кылганын билдирген. Бирок чабуулдар украиналык аскер башкармалыгынын комплекстерине, коргонуу объектилерине сокку урууга жолтоо боло алган эмес.
Анын эртеси Курск аэродромуна чабуул болуп, адам өмүрү кыйылган эмес. Курск облусу Украина менен чектешкендиктен артиллериялык аткылоого жана дрондордун чабуулуна көп кабылып келет.
Украиналык аскер кызматкери башка аскер кызматкерлери менен отуруп дронду башкарып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын пилотсуз аппараттары РФтин аэродромдоруна чабуул койду. Жарадарлар бар
Жаңылыктар түрмөгү
0