Мэрия Бишкектин жаңы жылдык эң мыкты жасалгасына сынак жарыялады. Шарттары

© пресс-служба мэрии города БишкекАла-Тоо аянтындагы жаңы жылдык балаты. Архив
Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
Жазылуу
Сынакка катыша тургандарга жасалгасынын башкаларга окшобогондугу, жарыктандыруусу, стилдүүлүгү боюнча талаптар коюлган.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мэрия Бишкектин жаңы жылдык эң мыкты жасалгасына сынак жарыялап, шаардыктарды ага активдүү катышууга чакырды.
Шаардын маалымат кызматы сынак 2023-Жаңы жылды майрамдоого карата көчө, аянт жана имараттарды жасалгалоонун мыкты чечимдерин, оргиналдуу идеяларын табуу максатында өткөрүлөрүн билдирди.
"Сынакка катышуу үчүн билдирмелерди 2022-жылдын 31-декабрына чейин борбор калаанын мэриясынын райондук администрациялары кабыл алат. Конкурска Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондору, министрликтер, административдик ведомстволор, бюджеттик мекемелер, менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектилер жана жеке ишкерлер катыша алат", — деп айтылат маалыматта.
Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
Административдик райондордун аймактарын (сейил бактарды, гүл бакчаларды, эл жүргөн жүргөн жайларды ж.б.) жаңы жылдык маанайда мыкты жасалгалоо. Мында 40 миңден 80 миң сомго чейин сыйлыктар каралган;
Бишкек шаарындагы конуштардын жаңы жылдык эң мыкты жасалгасы. Мында мыктыларга 20 миң сомдук төрт сыйлык ыйгарылат;
Ички короолорду жаңы жылдык маанайда эң жакшы жасалгалоо. Төрт жеңүүчүгө 20 миң сомдук төрт сыйлык ыйгарылат;
Министрликтердин жана административдик ведомстволордун имараттарынын фасаддарын жана жанаша жайгашкан аймактарын мыкты кылып жасалгалоо. Жеңүүчүлөргө 30 миң сомдон 50 миң сомго чейин үч сыйлык тапшырылат;
Ири соода комплекстеринин, борборлордун, кеңселердин жана башка объектилердин фасаддары жана аларга жанаша жайгашкан аймактарын жаңы жылдык маанайда эң жакшы жасалгалоо. Бул номинацияда 40, 60, 80 миң сомдук сыйлыктар ыйгарылат;
Соода, кызмат көрсөтүү, кеңсе жана башка объектилердин коммерциялык объектилеринин фасаддарынын жана жанаша жайгашкан аймагынын мыкты жасалгасы үчүн номинацияда 30, 50, 70 миң сом сыйлык берилет.
Сынакка катыша тургандарга жасалгасынын башкаларга окшобогондугу, жарыктандыруусу, стилдүүлүгү боюнча талаптар коюлган.
Автобус айдоочусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Мэрия Бишкекке алып келине турган 120 автобуска айдоочу издеп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0