Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Табылдыева: балет бийчиси — эмоционалдык жактан абдан оор кесип

© Sputnik / Асель СыдыковаБалерина Айгерим Табылдиева
Балерина Айгерим Табылдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Жазылуу
Балерина Айгерим Табылдыева Кыргызстанда кесипкөй балет бийчилерин Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы гана даярдап чыгарын айтты.
Алты жашында балет искусствосуна келген балерина Айгерим Табылдыева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында маек куруп жатып бийчи болуу үчүн күчтүү каалоо болбосо, бул чөйрөдө көпкө кармалуу мүмкүн эместигин билдирди.
Табылдиева: балет бийчиси — эмоционалдык жактан абдан оор кесип
Анын айтымында, балет бийчиси болом дегендер эӊ кеч 9-10 жашынан баштаса болот.

"Кичинекей кезимде бутумдун учу менен басканымды көргөндөр балерина болот экен деп болжолдоп калышчу. Чындыгында эле балерина болууну кыялдандым. Ата-энем да менин келечегиме салымын кошуп, алты жашымда Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайына алып барышкан. Аталган окуу жайда 1-4-класста даярдык жүргүзүлөт, 5-9-класста балет искусствосу үйрөтүлөт, 9-10-11-класс 1-2-3-курс деп эсептелет. Кыргызстанда кесипкөй балет бийчилерин дал ушул окуу жай гана даярдап чыгат. Бишкек хореографиялык окуу жайына мен окууга тапшырганда эки класста 25тен окуучу бар болсо, 3-курста бир класс болуп биригип, жалпы 16 кыз, эки бала калдык. Балет бийчиси болом дегендердин жарыман көбү бул сферадан кетип калышат. Айрымдары туура эмес кесип тандап алганын аӊдашса, кээ бири машыгууга, дисциплинага чыдабай кетет. Ошондой эле балет эмоционалдык жактан абдан оор кесип. Мени бийчи болуу каалоомдун күчтүүлүгү кармап калды. Жалпысынан 12 жыл билим алдым. Жыйынтыгында орто билим алгандыгы тууралуу диплом берилет. 3-курста Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрына киргем. Театрда туура бир жыл иштедим. Аталган театрга биздин окуу жайдын гана бүтүрүүчүлөрү кирип иштей алат. Өсүш үчүн жакшы мүмкүнчүлүк бар. Негизи жаӊы келген солисттерге спектаклдерде партиялар берилбейт. Бирок театрда бош орундар көп болгондуктан спектаклдерде бийлеп калдым. Бир жыл мурун биринчи категориядагы артист болгондуктан 8 800 сом айлык алчумун. Азыр айлык-акы эки эсе өстү. Учурда театрдан кетип, 19 жашымда жеке бий студиясын ачтым", — деди Табылдыева.

Балерина TikTok платформасына Бишкектин көчөлөрүндө бутунун учу менен баскан видеолорун жүктөп, элдин көӊүлүн балет искусствосуна буруп, өзүн бийчи катары тааныта алганын, бул бий студиясынын ишин алдыга жылдырууга кандайдыр бир салымын кошуп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0