00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
50 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Министрлик окуучулардын ысык тамагына көбүрөөк акча бөлүүнү сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековМектеп ашканасында тамактанып жаткан окуучу. Архив
Мектеп ашканасында тамактанып жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2022
Жазылуу
Министрлик окуучулардын ысык тамагына бөлүнгөн сумма 2006-жылдан бери өзгөрбөгөнүн айтты.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Билим берүү министрлиги башталгыч класстын окуучуларынын бир күндүк ысык тамагына бөлүнгөн 7 сомду 20 сомго көтөрүүнү сунуштады.
Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлган.
Министрлик учурда 1 735 мектеп окуучуларды ысык тамак менен камсыздап жатканын билдирди. Бул жалпы мектеп санынын 73,92 пайызын түзөт. Ошондой эле балдардын тамагына бөлүнгөн сумма 2006-жылдан бери өзгөрбөй келгени айтылган. Азык-түлүктүн кымбатташынан да улам окуучуларга берилген тамактын көлөмү азайып калган.
Долбоордо бирдиктүү сумма каралгандыктан, тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган окуучуларга делген атайын 10 сомдук норма жоюлат.
Токтомдун долбоору кабыл алынса, жыл сайын мамлекеттик эсептен 1,556 миллиард сом бөлүнүп турат. Кеп 458 миң окуучуну ысык тамак менен камсыз кылуу жөнүндө болууда.
Тамактанып жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Окуучулардын тамагына бөлүнчү акча 20 сомго көбөйтүлөт. Министрликтин сунушу
Жаңылыктар түрмөгү
0