Төрөбөгөнүм бир тең, башкалардын кодулоосу бир тең болду. Келиндин каты

© Sputnik / Табылды КадырбековАртты карап отурган кыз. Архив
Артты карап отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына көп жылдан бери балалуу боло албай, анын арты менен тааныштардын кодулоосуна кабылганын айткан келин кат жазган.
Саламатсыздарбы, азыркы убакта абдан кыйын психологиялык абалдамын. Анткени турмушка чыкканыма алты жылдан ашты, бирок төрөй албай жатам. Жашым 29га чыгып калганы да ойлондурат. 35 жашка чейин төрөп алсам деп тиленем. Күйөөм да маанайы жок. Экөөбүз бири-бирибизге айта бербегенибиз менен жылдан-жылга муңайып баратабыз. "Балалуу боло албай калсакчы" деген сарсанаа, ой көкүрөктө турганы-турган. Биздин түпөйүл көйгөйүбүз жетишпей жаткансып, ар ким качан балалуу болорубузду сурап, анысы аз келгенсип ар кимдин акыл айтканы жанга батты. Ичимен буулугуп тим болом. Кайын журтум да мен атайын төрөбөй жүргөндөй көрүшөт. Кайненем кадимкидей мени башка келиндеринен жактырбай баштады. Мурунку жылуу мамилеси муздап бара жатат. Кээде абысындардын алдында кадимкидей эле мамилеси менен басып, менин ордум тигилерден төмөн экенин көрсөтүп коёт. Кайнатамдыкына төрт абысын чогулуп, кайра кайткандан кийин дайыма ыйлайм. Жолдошум түшүнөт, башында сооротсо, азыр билмексен болуп коёт. Ага да кыйын болуп жатканын билем. Дарыгерлерге көрүнгөнбүз. Күйөөмдө кеп жок. Менин ден соолугум жакшы болбой жатат. Бирок дарыгерлер "такыр төрөбөйсүң" деген жок. Гормондорум калыбына келсе, боюма бүтөрүн айтышат. Жылына дарыланганым менен жыйынтык жок. Кайындарым, абысындарым баарыбыз бир райондо жашайбыз. Тааныштардан бирин да көргүм келбейт. Ушунун айынан эч ким менен да катышкым келбей калды. Жолдошум жумушуна кеткенде эшикти илип алып жүрө берем. Ушундай абалда өзүмдүн психикамды коргогум келет. Жабыркап жатканымды сезип жатам. Баары мени табалап, шылдыңдап жаткандай сезилет. Чынында эле башка жагынан тең келе албаган айрым абысын-ажындар балалуу боло албаганымды бетиме басып, жыландын башын кылтыйтчу болду. Аялдар билинбегени менен абдан мерез болот экен.
Психолог Сажира Абдыкаимова: Саламатсызбы! Сиздин көйгөй өзгөчө экенин байкадым. Анткени мындай учурлар бардык адамдарга бериле бербейт. Балким, жараткан сизди дал ушундай жагдай менен сынап жаткандыр. Эң биринчи бир нерсени эске алыңыз, айымдар 45-50 жашка чейин деле төрөсө болот. Мындай фактылар абдан көп. Издеп көрүңүз, үмүт берүүчү видеороликтерди, кинолорду көрүүдөн баштаңыз. Айтканыңызга караганда, азыркы мезгилге чейин төрөбөгөнүңүз үчүн өзүңүздү башкалардын алдында күнөөлүү сезип келет экенсиз. Бул сезимдер качан пайда болду? Жолдошуңуз менен да бул тууралуу ачык сүйлөшүү жоктой сезилип жатат. Эгер аял бала төрөбөсө бир гана ал күнөөлүү болушу керек, жоопкерчилик анын гана мойнунда деген нерседен алыс болууга чакырам. Тагдырды кабыл алуу сизге чоң жардам берет. Биздин коомдо үйлөнгөндөн 9 ай өтөрү менен балалуу болууну таңуулоо дагы көп кездешет. Ал эми сиздер жылдар бою балалуу боло албай жаткан экенсиздер. Үй-бүлөлүк жашоодо наристе канчалык деңгээлде маанилүү, эгер балалуу болбой калсаңар эмне кыласыңар? Кээ бир адамдар бир дагы жолу турмушка чыкпай, баланы ойлонбой жашап өткөндөрдү бул турмуштун таштандысы катары бөлүп койсок болобу? Эмне үчүн балалуу болушуңуз керек? Бала болсоңуз кандай ата-энени тандайт элеңер? Эгер эне тандоо мүмкүнчүлүгү болсо, өзүңүздү тандайт белеңиз? Кандай адамдар эне боло алат? Жараткан сизге карата адилеттүү элеби? Жолдошуңуз менен балалуу болуунун ар кандай жолдору тууралуу сүйлөштүңүз беле? Балким башка дагы варианттары бар. Азыркы ата-энелердин бала багуу, аларга карата мамилеси сизде суроолорду жаратпайбы? Кандай ата-эне болот элеңер? Сиз сырттагы кайнене, абысын, туугандар, жолдошуңуз сизди жакшы көрүшү үчүн эле балалуу болгуңуз келген жокпу? Эгер аялзатында энелик мээрим ойгонбосо кантип эне болот? Бул суроолорго эч ким жок жерде өзүңүз менен жалгыз калганда жооп берүүңүздү өтүнөм. Чындап балалуу болгуңуз келеби? Балалуу болуу керек дегенди өзүңүз тандап жатасызбы? Коомчулук, туугандар, тааныштар сиздин чечимди сыйлоосу шарт. Бирок билесизби, өзүңүз ошол нерсени кабыл алышыңыз керек. Ушундай болот деген даяр шаблондон алыстаңыз. Түпкү сезимиңизде балалуу болууга анчалык далалаттанбагандайсыз. Анткени кайрылуудан өзүңүз жөнүндө эч нерсе тапкан жокмун. Башкалардын сизге карата жаман мамилеси жөнүндө гана жазылган экен.
Көчөдө бараткан аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Эл суктанган келбетим, мүнөзүм күйөөмдүн купулуна толбой койду. Келиндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0