Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Ашынган мыйзамсыздыкты калкалоо. Небензя ЕБдин "Украина боюнча трибуналы" тууралуу

© AP Photo / John MinchilloРоссиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Жазылуу
Кечээ ЕК жетекчиси фон дер Ляйен комиссия Россиянын камактагы каражатын пайдалануу боюнча атайын структура түзүүнү сунуштаганын айткан.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин БУУнун эгидасы менен Украина боюнча эл аралык сот түзүү тууралуу көтөргөн демилгеси — россиялык активдерди тартып алууну мыйзамдаштыруу аракети. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости билдирди.
"Демилгенин көптүгүнөн кайсы бирин айтарды да билбей калдык. Алардын "эрежеге негизделген эл аралык тартип" деп атаган нерсеси — бул эрежелерди өздөрү ойлоп таап, кийин универсалдык деп таңуулай беришет", — деди Небензя Еврокомиссия жетекчисинин билдирүүсүнө комментарий берип жатып.
Анын айтымында, бул — "БУУнун кадырын жамынып мыйзамсыздыкты калкалоо аракети".
"Эмне болгон трибунал экенин, дегеле кеп эмне жөнүндө болуп жатканын билбейм. Бирок өткөндөгүдөй кылып Башкы ассамблеянын "зордукка салып кабыл алынган чечиминдей" бүтүм чыгаруусун каалап жатышканы айдан ачык (буга чейин БУУнун БАсы Россиянын Украинага репарациясы тууралуу резолюцияны кабыл алган, мүчө-өлкөлөрдүн жарымынан көбү аны колдоодон баш тарткан, 73чү калыс болуп, 12си добуш берүүгө катышкан эмес — ред.)", — деди Небензя.
Ал мындай чечим кабыл алуу укугуна БУУнун Коопсуздук кеңеши гана ээ экенин белгиледи. Небендзянын айтымында, трибунал тууралуу чечимди чыгартып алгандан кийин Батыш мамлекеттери "БУУну жайына коюп", россиялык активдерди өз алдынча тартып ала бермекчи.
"Эмне ойлоп табары табышмак, бирок эмнени көздөп жатышканы белгилүү. Урсула фон дер Ляйен камакка алынган россиялык активдерге эптеп жетүү керектигин айтып келет. Мунун баарын алар Башкы ассамблея кабыл алган резолюция менен мыйзамдаштырууга аракет кылышат. Максаттары ушул", — деди өкүл.
Эскерте кетсек, шаршемби күнү фон дер Ляйен Еврокомиссия Россиянын камактагы каражатын пайдалануу үчүн атайын структура түзүүнү сунуштаганын билдирген. ЕКтин эсеби боюнча, чыр башталгандан бери Украина 600 миллиард евролук жоготууга дуушар болгон. Билдирүүдө Батыш РФ Борбордук банкынын 300 миллиард евро каражаты жана жеке тараптардын 19 миллиард евросу блоктогону келтирилген. Фон дер Ляйендин айтымында, "санкциялар алынгандан кийин аталган каражатты Россиянын Украинага келтирген зыянынын ордун толтуруп берүүсү үчүн пайдаланууга болот".
Россиянын жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
АКШ Россияны "террорчулуктун демөөрчүсү" деп тааный албай турганын моюндады
Жаңылыктар түрмөгү
0