Бишкектеги батирлердин ижара акысы. Инфографика

Жазылуу
Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү (104, 105, 106-серия, жеке тип) жана андан сырткары "элиталык", индивидуалдуу жана мейманкана тибиндеги батирлердин орточо наркын көрсөтүп беребиз.
Материалды даярдоодо 1 022 жарнама каралган. Ноябрда да мурдагы ай сыяктуу эле эмеректери бар батирлердин ижарасын талдап көрдүк.
Ижаранын орточо акысы бул айда октябрдагы баалар секиригине салыштырмалуу 2 миңге кайра түшкөн. Бир бөлмөлүү батирлерди бүгүн 30 миң сомдун, эки-үч бөлмөлүүлөр 40-80 сомдун тегерегинде берип жатышат.
Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, ноябрда жыгач-ташы бар бир бөлмөлүү батирдин ижара баасы төмөнкүчө болду:
104-серия — 30 000 сом (20 000ден 40 000ге чейин);
105-серия — 30 000 (20 000ден 45 000ге чейин);
106-серия — 30 000 (18 000ден 45 000ге чейин);
индивидуалдуу тип — 30 000 (16 000ден 50 000ге чейин);
"элиткалар" — 40 000 (25 000ден 67 000ге чейин);
мейманкана тибиндегилер — 14 500 (7 000ден 21 000ге чейин)
Эмереги бар эки бөлмөлүү батирдин орточо баасы:
104-серия — 40 000 сом (24 000ден 58 000ге чейин);
105-серия — 36 000 (24 000ден 74 000ге чейин);
106-серия — 45 000 (24 000ден 67 000ге чейин);
индивидуалдуу тип — 45 000 (25 000ден 92 900гө чейин);
"элиткалар" — 60 000 (25 000ден 169 000ге чейин).
Эмереги бар үч бөлмөлүү батирдин орточо баасы:
104-серия — 50 000 (10 000ден 150 000ге чейин);
105-серия — 50 000 (35 000ден 109 800гө чейин);
106-серия — 47 500 (30 000ден 76 000ге чейин);
индивидуалдуу тип — 58 000 (25 000ден 101 300гө чейин);
"элиткалар" — 84 400 (50 000ден 253 300гө чейин).
Тема боюнча:
Кыргызстанда минивэн, универсалдын баасы кандай болууда? Автобазардагы абал
Жаңылыктар түрмөгү
0