Кыргызстандын төрагалыгы алдында ЕЭК кеңешинин жыйыны өттү. Чечимдер

© Фото / пресс-служба правительства КРМинистрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында видеоконференция режиминде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында видеоконференция режиминде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Жазылуу
ЕЭК кеңешинин кезектеги отуруму 2022-жылдын 14-декабрында Москва шаарында өтөт.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында видеоконференция режиминде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Отурумда күн тартибиндеги 25 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.
© Фото / пресс-служба правительства КР

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында видеоконференция режиминде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында видеоконференция режиминде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү - Sputnik Кыргызстан
1/2

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында видеоконференция режиминде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

© Фото / пресс-служба правительства КР

Отурумда күн тартибиндеги 25 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Отурумда күн тартибиндеги 25 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Отурумда күн тартибиндеги 25 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

1/2

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында видеоконференция режиминде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

2/2

Отурумда күн тартибиндеги 25 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Атап айтканда, декларациялоого, же Бирликтин бажы аймагынан чыгууга байланыштуу товарлар менен бажы операцияларын жүргүзүүдө убактылуу сактоодо турган товарларга карата мурда келип чыккан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелерди токтотууну караган чечим кабыл алынды. Бул чечим биримдикке импорттолуучу товарларга бир ирет бажы төлөмдөрүн киргизүүнү камсыз кылат.
"Биримдиктин өлкөлөрү үчүн шоколад, шоколад жана какао азыктарына бирдиктүү талаптарды белгилөөнү караган Бажы бирлигинин "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөр бекитилди. Ошондой эле ЕЭК кеңеши "Евразия экономикалык биримдигинин 2023-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө" чечимдин долбоорун жактырды. Негизги багыттар ЕАЭБдин 2023-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги векторлорун жана практикалык артыкчылыктарын, ошондой эле аларга жетүү инструменттерин чагылдырат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, кеңештин мүчөлөрү биримдиктин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу иштеген жана либералдаштыруу пландарына (өткөөл мезгилде) ылайык, биримдиктин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү ишке ашырыла турган тейлөө секторлорунун тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимди бекитти.
Жыйындын алкагында биримдикке мүчө мамлекеттерде уюштурулган соодага баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө трансчекаралык уруксат берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, аны жактыруу жана келишимге кол коюу үчүн зарыл болгон жол-жоболорду өткөрүүгө жөнөтүү чечими кабыл алынды.
"Макулдашуу бирдиктүү биржа мейкиндигинде баалуу кагаздарды эмиссиялоо жана соодалоо эркиндигин, мүчө мамлекеттердин биржа рынокторунун ликвиддүүлүгүн жогорулатуу шарттарын камсыз кылууга, мүчө мамлекеттердин каржы рынокторун өнүктүрүүгө дем берүү үчүн соода жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган", — деп айтылам билдирүүдө.
Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмирлиги менен Эркин соода келишими долбоорунун концептуалдык жоболору жактырылды.
ЕЭК кеңешинин кезектеги отуруму 2022-жылдын 14-декабрында Москва шаарында өтөт.
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2022
9-декабрда Бишкекте ЕАЭБ лидерлеринин саммити өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0