Желим жана зыяндуу заттарды жакпагыла! Мэрия айып салынарын эскертти

© пресс-служба мэрии города БишкекЗыянды затты күйгүзүү. Архивдик сүрөт
Зыянды затты күйгүзүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2022
Жазылуу
Тигүү цехинен чыккан калдыктарды жаккандарга 7 500 сом айып каралган.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы ордо калаада тыюу салынган заттарды жаккан мончо, сауна жана турак үйлөр текшерилип жатканын билдирди.
Муниципалитет текшерүү иштерин Мамлекеттик экотехинспекциянын инспекторлору менен бирге жүргүзүүдө. Тыюу салынган заттар: тигүү цехтеринен чыккан калдыктар, желим бөтөлкө, дөңгөлөк жана эски бут кийимдер.
"Текшерүү учурунда Заводской поселок көчөсүндө тигүү цехинен чыккан калдыктарды жаккан эки факт аныкталган. Үй ээлерине Бузуулар кодексинин 115-беренесине ылайык, 7 500 сом айып салынды", — деп айтылат кабарда.
Мэрия тыюу салынган заттарды жагуу экологияга зыян алып келерин белгилеп, аларды жаккандар айыпка жыгыларын эскертти.
Дарак тигүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2022
Өлкөдө картайган бак-дарактардын ордун толуктоо мезгили келди. Экологдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0