00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
2 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
0 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Тема дня
Сертификация навыков без учебы в колледже: как это работает?
18:05
45 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Айыл чарба азыктарынын экспорттун көбөйтүү үчүн кандай иштер аткарылууда?
23:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз эл артисти Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКыргыз совет ырчысы, композитор-мелодист, Кыргыз эл акыны Муса Баетов. Архивдик сүрөт
Кыргыз совет ырчысы, композитор-мелодист, Кыргыз эл акыны Муса Баетов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2022
Жазылуу
Юбилейлик иш-чара Улуттук филармонияда өтөт.
БИШКЕК, 24-ноя.— Sputnik. 29-ноябрда кыргыз совет ырчысы, композитор-мелодист, Кыргыз эл артисти Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Юбилейлик иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Муса Баетов 1902-жылдын 10-ноябрында азыркы Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында туулган. Чыгармачыл эмгек жолун Нарын шаардык радиосунда баштап, кийин Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист болуп иштеген. Тубаса мукам үнү менен жаштайынан элдик ырларды чебер аткарган. Муса Баетов жөнөкөй аткаруучудан профессионал опера ырчысына чейин өсүп, "Манас" операсында Алмамбет менен Сыргактын, "Айчүрөктө" Күлчоронун партияларын ырдаган. Ал таланттуу обончу да болгон. Кыргыз музыка маданиятынын алтын казынасына анын "Даанышман", "Арпанын Ала-Тоосунан", "Кыздар, ай", "Окудуң борбор шаарынан", "Сагынам" деген сыяктуу кырктан ашык обондуу ырлары калган.
Баетов комузда, домбурада эркин ойной билген жана ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган. Муса Баетовдун ысымы Нарындагы маданият үйүнө, Бишкек шаарындагы көчөгө, Ак-Талаа районунун борборуна, туулган жериндеги мектепке берилгени маалым.
Талас шаарында Байдылда Сарногоевдин эстелиги ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2022
Талас шаарында Байдылда Сарногоевдин эстелиги ачылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0