Өлкөдө зомбулукка каршы кампания өтөт. Байсалов активдүү катышууга чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековҮй-бүлөлүк зомбулук. Иллюстративдик сүрөт
Үй-бүлөлүк зомбулук. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2022
Жазылуу
Акция 16 күнгө созулуп, түрдүү иш-чаралар аркылуу калктын зомбулукка каршы маалымдуулугу арттырылат.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. 25-ноябрда республика боюнча "Коркпо! Токтот! Жаша!" урааны алдында гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания старт аларын министрлер мабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, Байсалов бул боюнча министрлер кабинетине караштуу Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында айткан.
"25-ноябрда дүйнө жүзү боюнча гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк башталат. Бул мамлекет тарабынан да колдоого алынат. Биздин өлкөдө кампания БУУ агенттиктеринин, өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун колдоосу менен өтөт. Эгерде өлкө калкынын жарымынын потенциалы пайдаланылбай, ал эми аялдардын укугу бузулуп жатса, дүйнөдөгү бир дагы мамлекет динамикалуу өнүгө албайт. Учурда мамлекет тарабынан аялдарды коргоо боюнча комплекстүү ченемдик-укуктук базаны түзүү боюнча тыкыр иштер жүргүзүлүүдө. Зордук-зомбулукка каршы саясатты натыйжалуу ишке ашыруу бардык мамлекеттик органдардын ырааттуу ишинен көз каранды экенин белгилегим келет. Баарыбыз бул ишке активдүү катышышыбыз керек", — деди ал.
Өкмөттөн белгилешкендей, акциянын негизги максаты — коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулукту алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу.
Белгилей кетсек, 25-ноябрь – Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.
Смартфон менен кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
ИИМ кыз-келиндер үчүн SOS кнопкасын иштетет
Жаңылыктар түрмөгү
0