https://sputnik.kg/20221122/zher-suluusu-synagy-ajzhan-chanacheva-1070208250.html
Кыргызстандык бийкеч "Жер сулуусу" сынагында өзгөчө номинацияга ээ болду
Кыргызстандык бийкеч "Жер сулуусу" сынагында өзгөчө номинацияга ээ болду
Sputnik Кыргызстан
Алдыда башкы конкурстук этаптар күтүлүүдө. 22.11.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-11-22T16:37+0600
2022-11-22T16:37+0600
2022-11-22T16:38+0600
кыргызстан
маданият
айжан чаначева
сынак
номинация
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/16/1070206878_0:241:1148:887_1920x0_80_0_0_8f7ba9779acab0c35d01c3d5a11a7469.jpg
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык бийкеч Айжан Чаначева "Жер сулуусу — 2022" эл аралык сынагында сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу "Кыргызстан сулуусу" сынагынын улуттук дирекциясы маалымдады.Конкурс учурда Филиппиндин Манила шаарында өтүп жатат, анда 91 өлкөдөн барган чүрөктөр ат салышууда.Дирекция билдиргендей, 23 жаштагы Айжан сынактын орто чениндеги пляждык кийимдер этабында Miss Congeniality наамын (темага дал келген көрүнүш) утуп алган. Ага катышууга кыргызстандык бийкеч эки кече көйнөгүн даярдаган, биринчиси пляжга чыгууга, экинчиси салтанаттуу кечеге ылайыкталган.Алдыда конкурстун негизги этаптары, "Мыкты экодолбоор" номинациясына онлайн-добуш берүү башталат. Бул номинациянын жеңүүчүлөрү автоматтык түрдө конкурстун финалына чыгат. Баш байге үчүн жарыш 29-ноябрда болору айтылды.Өлкө атынан барган сулууну колдоо үчүн "Жер сулуусу" сынагынын сайтына кирип жана социалдык тармактар, YouTube платформасы аркылуу добуш берүү шарт.Айжан Чаначева 2019-жылы Кыргызстан сулуусу аталган.
https://sputnik.kg/20191017/kyrgyzstan-suluusu-atalgan-ajzhan-menen-maek-1045994910.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/16/1070206878_0:218:1148:1079_1920x0_80_0_0_941e3e7af50ca560703923a0be1d4393.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, маданият, айжан чаначева, сынак, номинация
кыргызстан, маданият, айжан чаначева, сынак, номинация
Кыргызстандык бийкеч "Жер сулуусу" сынагында өзгөчө номинацияга ээ болду
16:37 22.11.2022 (Жаңыртылды: 16:38 22.11.2022) Алдыда башкы конкурстук этаптар күтүлүүдө.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык бийкеч Айжан Чаначева "Жер сулуусу — 2022" эл аралык сынагында сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу "Кыргызстан сулуусу" сынагынын улуттук дирекциясы маалымдады.
Конкурс учурда Филиппиндин Манила шаарында өтүп жатат, анда 91 өлкөдөн барган чүрөктөр ат салышууда.
Дирекция билдиргендей, 23 жаштагы Айжан сынактын орто чениндеги пляждык кийимдер этабында Miss Congeniality наамын (темага дал келген көрүнүш) утуп алган. Ага катышууга кыргызстандык бийкеч эки кече көйнөгүн даярдаган, биринчиси пляжга чыгууга, экинчиси салтанаттуу кечеге ылайыкталган.
Алдыда конкурстун негизги этаптары, "Мыкты экодолбоор" номинациясына онлайн-добуш берүү башталат. Бул номинациянын жеңүүчүлөрү автоматтык түрдө конкурстун финалына чыгат. Баш байге үчүн жарыш 29-ноябрда болору айтылды.
Өлкө атынан барган сулууну колдоо үчүн "Жер сулуусу" сынагынын
сайтына кирип жана социалдык тармактар, YouTube платформасы аркылуу добуш берүү шарт.
Айжан Чаначева 2019-жылы Кыргызстан сулуусу аталган.

17 Тогуздун айы 2019, 16:43