Москвада такси кызматында иштеген кыргызстандыктын сөөгү табылды

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүМосквадагы такси айдоочусу. Архив
Москвадагы такси айдоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Жазылуу
Киши колдуу болгон мекендеш 50 жашта экени айтылды.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Москвада зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн кыргызстандык кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, киши колдуу болгон 50 жаштагы мекендеш Москвада такси кызматында иштеп жүргөн.
"Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө Россиянын укук коргоо органдары тарабынан кылмышка шектүү аныкталып, кармалган. Аталган факты боюнча РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Бул окуя элчиликтин көзөмөлүндө экени кошумчаланды.
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2022
Жалал-Абадда адам өлтүргөнгө шектүү Москвадан кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0