Ким Чен Ын биринчи жолу эл алдына кызы менен чыкты

© AP Photo / Ahn Young-joonТүндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кызы менен Сеулдагы сыналгыда
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кызы менен Сеулдагы сыналгыда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2022
Жазылуу
Түндүк Корея президентинин балдары жөнүндө расмий маалыматтар жок.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бир катар ЖМКлар Корея Элдик Демократиялык Республикасынын лидери Ким Чен Ындын биринчи жолу эл алдына кызы менен чыкканын жазышууда. Анын кызы менен сүрөттөрүн Корея борбордук телеграф агенттиги жарыялады.
Сүрөттөр "Хвасон-17" континенттер аралык баллистикалык ракетасын учуруу кезинде тартылган. Бул иш-чарага КЭДР лидеринин жубайы Ри Соль Чжу, эжеси Ким Ё Чжон, армия жана партия жетекчилери катышкан.
Түндүк Корея президенти Ким Чен Ындын канча баласы бар экендиги жөнүндө расмий маалымат жок. Айрым маалымат булактар ал 2009-жылы үйлөнгөнүн, 11, 9 жана 5 жаштагы балдары бар деп жазып келет.
Ким Чен Ындын жубайы көптөн бери эл алдына биринчи ирет чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Ким Чен Ындын жубайы көптөн бери эл алдына биринчи ирет чыкты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0