Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Рахман: чет мамлекеттерде өкүлдөрүбүз дайындалды

© Sputnik / Асель СыдыковаЖК төрагасынын алдындагы Миграция маселелери боюнча катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман
ЖК төрагасынын алдындагы Миграция маселелери боюнча катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2022
Жазылуу
ЖК төрагасынын алдындагы Миграция маселелери боюнча катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман катчылык чет мамлекеттерде 50 өкүлүн дайындаганын айтты.
Катчылык ушул жылдын 10-ноябрында чет мамлекеттерде өзүнүн 50 өкүлүн конкурс аркылуу тандап алып, дайындады. Алардын 28и Россия Федерациясында болсо, 22си башка мамлекеттерде иш алып барат. Бул тууралуу Медер Рахман Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Рахман: чет мамлекеттерде өкүлдөрүбүз дайындалды
Анын айтымында, катчылыкка өкүлдөр азырынча 17 мамлекетте дайындалып бүттү.
"Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Миграция маселелери боюнча кеңешинин катчылыгы башка мамлекеттерде өз өкүлдөрүн дайындап жаткан учуру. Биринчи топтомдо 17 өлкөдөн 50 адам дайындалды. Алардын 28и Россия Федерациясынын ар кайсы аймактарынан. Алар ачык өткөрүлгөн сынак аркылуу келишти. Конкурска келип түшкөн документтерди атайын комиссия карады. Комиссиянын курамы Тышкы иштер министрлигинен, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен, катчылыктан болуп жалпы беш кишиден турат. Учурда сынакты экинчи ирет өткөрүүгө камынып жатабыз. Анткени ошол эле Россиянын кээ бир аймактарынан жана башка мамлекеттерден өкүлдөр дайындалбай калган болчу. Ал жактагы мекендештерибиз байланышып, кызыгуусун билдирүүдө. Буга чейин бизде 38 өкүл иш алып барып келген. Бул ирет саны көбөйдү жана аларды тандоодо бир өзгөчөлүк кирди. Ага ылайык, эми ошол жашап жаткан мамлекетинин жараны болгон мурдагы кыргызстандыктар деле өкүл боло алат. Талаптардын негизгиси өзү өкүл боло турган аймактагы мекендештерибиздин көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдору тууралуу программасы болушу керек. Мындан сырткары, резюме, сүрөт, өмүр баяны деген сыяктуу 8 пунктудан турган документтерди кошуп бизге жөнөтөт. Сынак ачык өтөт. Дайындалган өкүлдөр коомдук башталгычтагы кызматкерлердин статусунда иш алып барышат жана аларга айлык төлөнбөйт", — деди Рахман.
Ал дайындалган өкүлдөргө тигил же бул саясий иштерге аралашууга, үгүт учурунда кимдир бирөөгө тарапташ болууга тыюу салынарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0