Жалал-Абадда "Орус ыры дос топтойт" аттуу фестиваль өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСахнадагы артисттер. Архив
Сахнадагы артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2022
Жазылуу
Маданий иш-чарада орус ырлары жаңырат, көмөкөй менен ырдаган чеберчилик тартууланып, Алтай элинин улуттук кийимдери көрсөтүлөт.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облустук драма театрында "Орус ыры дос топтойт" аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу Бишкектеги "Русский дом" уюмунан маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, маданий иш-чара 30-ноябрда саат 17:00дө башталат. Анда КР эмгек сиңирген артисти Владимир Тулин жетектеген "Сувенир" орус ырлар ансамбли ыр сунат. Ошондой эле обончу-аткаруучу, көмөкөй менен ырдоо боюнча чебер Александр Костицин (Барнаул), Жалал-Абаддагы аткаруучулар, чыгармачыл топтор өнөрлөрүн көрсөтөт.
Фестивалдын көрүүчүлөрү Алтай крайынын элдик чебери Юлия Наумованын катышуусундагы "маркетри" техникасындагы көргөзмөгө, Алтай калкынын улуттук кийимдеринин коллекцияларына күбө болушат. Фестивалдын алып баруучусу — Игорь Воронцов.
Иш-чара Оштогу "Русский дом" уюму, Ош облусунун башчысынын администрациясы, "Алтай крайындагы калк үйү", Жалал-Абаддагы "Славян диаспорасы" облустук ассоциациясы тарабынан уюштурулууда. Фестивалга кирүү акысыз.
Встреча писателей Оша и Санкт-Петербурга в рамках Петербургских встреч в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Санкт-Петербургдун жазуучулары Ошто кесиптештери менен жолугушту. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0