Эч коркпоңуздар, биз туура жолдо баратабыз. Садыр Жапаров депутаттарга кайрылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров парламентте. Архив
Президент Садыр Жапаров парламентте. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы Өзбекстанга жер бербей, тескерисинче, мурдагылар берип жиберген жерлер кайтарылып жатат деп белгиледи.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров парламентке келип кыргыз-өзбек чек ара келишимине каршы болуп жаткан депутаттарга кайрылды.
Ал эл өкүлдөрүн мамлекеттин тагдырын чечүүчү маселеде жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.
"Эч коркпоңуздар, биз туура жол менен кетип баратабыз. Жер берип жаткан жокпуз, тескерисинче, мурдагылар берип жиберген жерлерибизди кайтарып алып жатабыз. Биз бүгүн эң туура кадам жасап жатабыз, ага тарых баасын берет. Добуш берүүдө каршы болгон депутаттарга кошулуп чолок акылдык кылбастан, түбөлүктүү Кыргызстанды ойлойлу", — деп кайрылды Жапаров.
Ошондой эле ал жөнөкөй жарандар кагазды көрбөй нааразы болушу мүмкүндүгүн, депутаттар документтерди көрүп турганын белгиледи.
"Бирин-экин депутаттар өкмөт менин суранычымды аткарбай, кадрларымды кызматка албай жатат дейт экен. Бул маселеге жеке таарыныч менен мамиле кылбаш керек. Келишимди кийинкиге калтырууга да болбойт, кийин мындай ийгиликтүү жеңишке жетүү оор болот, жете да албай калышыбыз мүмкүн. Популисттик менен кворум жаратпай, добуш бербей жаткандар бар. Мамлекеттин тагдыры чечилип жатканда мындай кылбаңыздар. "Мен ооруп жатам", "иш сапардамын" деп кетип калган туура эмес", — деди президент.
Бүгүн Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасын тактоо, Кемпир-Абад суу сактагычын биргелишип башкаруу тууралуу келишимди ратификациялоо долбоорун карап жатат. Жыйынга мамлекет башчы дагы катышууда.
Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Ташиев: Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга берилбейт
Жаңылыктар түрмөгү
0