Парламент кыргыз-өзбек чек арасын ратификациялоо долбоорун үч окуудан колдоду

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖогорку Кеңештин имараты. Архив
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Жазылуу
Аталган документ экиге бөлүнүп, пакети менен каралды.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимди үч окуудан колдоп берди.
Аталган документ экиге бөлүнүп, пакети менен каралды.
Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча макулдашуу долбоору — үч окууда тең "макул" — 64, "каршы" —19;
Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу тууралуу долбоор — биринчи окууда "макул" — 64, "каршы" — 18, экинчи окууда "макул" — 65, "каршы" — 17, үчүнчү окууда "макул" — 65, каршы — 18.
Эми бул келишим президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Гавасайдан алынчу 12,8 гектар аймак тоо-таштуу жерби? Ташиевдин жообу видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Гавасайдан алынчу 12,8 гектар аймак тоо-таштуу жерби? Ташиевдин жообу видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0