Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Эксперт: өлкөдө жогорку билимдүүлөргө караганда кесиптик билими барлар бат иш табат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКесиптик колледждин студенти. Архив
Кесиптик колледждин студенти. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Жазылуу
Акыркы беш жылда кесиптик-техникалык окууга тапшыргандардын саны 10 пайызга өскөн.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Жогорку билимдүү кыргызстандыктардын көбүнө эмгек рыногунда суроо-талап аз. Ошол себептен алар кайра башка бир кесипке ээ болуш үчүн курстардан окушууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, акыркы беш жылда кесиптик-техникалык окууга тапшыргандардын саны 10 пайызга өскөн.
© Sputnik / Карина РазетдиноваБрифинг "Проблемы и перспективы развития профтехобразования в Кыргызстане"
Брифинг Проблемы и перспективы развития профтехобразования в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
"Жогорку окуу жайларда 230 миңдей студент билим алса, орто кесиптик окуу жайларда 93 миң, башталгыч кесиптик окуу жайларда 32 миңден 35 миңге чейин адам билим алууда. Жогорку билимдүүлөрдүн көбүнө эмгек рыногунда суроо-талап аз. Ошол себептен алар ашпозчу, чачтарач сыяктуу адистиктердин курстарынан окушууда", — деген Мамырова.
Ал кыргызстандыктардын көбү кесиптик-техникалык билим берүүнү тандаганда өлкө экономикасы тезирээк өсмөктүгүн белгилеген.
"Көпчүлүк жогорку билимге басым жасай берет. Бирок азыр рыноктун талабы башка, биринчи кезекте акча табыш үчүн бир өнөрдү билиш керек. Жогорку билимди кийин деле алып койсо болот. Мисалы, Австрияда окугандардын 80 пайызы кесиптик-техникалык багытты тандашат", — деген министрликтин өкүлү.
Ал жогорку билимдүүлөргө салыштырмалуу кесиптик-техникалык билими барлар бат жумуш таап, ишке тез орношорун кошумчалаган.
ЖОЖдорго тапшыруу үчүн ЖРТ. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2022
ЖОЖдорго тапшыруу үчүн кышкы ЖРТ 26-27-ноябрда өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0