https://sputnik.kg/20221115/kempir-abaddan-kanal-kurbagany-uchun-zher-beret-1070003468.html
Өзбекстан Кемпир-Абаддан канал курбаганы үчүн 12,7 миң гектар жер берет
Өзбекстан Кемпир-Абаддан канал курбаганы үчүн 12,7 миң гектар жер берет
Sputnik Кыргызстан
Алгачкы келишимде коңшу мамлекет өз аймагы аркылуу 200 чакырымдык канал тартып келүү милдеттемесин алып, бирок аткарган эмес. 15.11.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-11-15T16:47+0600
2022-11-15T16:47+0600
2022-11-15T16:48+0600
кыргызстан
өзбекстан
абдулла арипов
кемпир-абад суу сактагычы
канал
https://sputnik.kg/img/07e5/04/14/1052193636_0:190:1824:1216_1920x0_80_0_0_33cd461aad21dae536eb90f119c6f304.jpg.webp
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынан канал куруу шартын аткарбай койгону үчүн Кыргызстанга компенсация катары жер берет. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов билдирди.Анын айтымында, суу сактагыч курулуп жатканда Өзбекстан өз аймагы аркылуу Кыргызстандын Бүргөндү айылына 200 чакырымдык канал тартып келүү милдетин алган.Өзбекстандын өкмөт башчысы эгер азыр ал каналды кура турган болсо кеминде 20 калктуу конушту көчүрүү керек болорун билдирди."Элди көчүрүү, компенсация төлөө зарыл, ошондой эле каналды өткөрүү үчүн 2000 гектар сугат жерди садага чабыш керек болот. Ушулардын баарын эсептеп көрдүк. Албетте, алар (кыргыз тарап — ред.) көбүрөөк сурады, биз "жок" дедик. Талашып-тартышып отуруп ушул келишимге токтолдук", — деди Арипов.
https://sputnik.kg/20221115/kyrgyzstan-soh-anklavyna-kyska-zhol-achyp-beret-1069992489.html
өзбекстан
кемпир-абад суу сактагычы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/14/1052193636_0:0:1621:1216_1920x0_80_0_0_61b3d4ea66889386b0a8627f8e1ba4bb.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, өзбекстан, абдулла арипов, кемпир-абад суу сактагычы, канал
кыргызстан, өзбекстан, абдулла арипов, кемпир-абад суу сактагычы, канал
Өзбекстан Кемпир-Абаддан канал курбаганы үчүн 12,7 миң гектар жер берет
16:47 15.11.2022 (Жаңыртылды: 16:48 15.11.2022) Алгачкы келишимде коңшу мамлекет өз аймагы аркылуу 200 чакырымдык канал тартып келүү милдеттемесин алып, бирок аткарган эмес.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынан канал куруу шартын аткарбай койгону үчүн Кыргызстанга компенсация катары жер берет. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов билдирди.
Анын айтымында, суу сактагыч курулуп жатканда Өзбекстан өз аймагы аркылуу Кыргызстандын Бүргөндү айылына 200 чакырымдык канал тартып келүү милдетин алган.
"Келишимде Бүргөндү массивиндеги жерлерди сугарыш үчүн кеңдиги төрт метрлик канал куруу белгиленген. Бирок кээ бир себептерге байланыштуу аткарылган эмес. Биринчи себеби борбордон акча бөлүнбөй калган. Ошол канал курулбагандыктан Кыргызстандын 8000 гектар жери өздөштүрүлбөй калган. Буга байланыштуу кыргыз тарап албай калган жана келечектеги алчу пайдасынын ордун толтуруу үчүн Гавасай аймагынан 12 709 гектар жайыт жерди аларга компенсация катары бердик", — деди Арипов.
Өзбекстандын өкмөт башчысы эгер азыр ал каналды кура турган болсо кеминде 20 калктуу конушту көчүрүү керек болорун билдирди.
"Элди көчүрүү, компенсация төлөө зарыл, ошондой эле каналды өткөрүү үчүн 2000 гектар сугат жерди садага чабыш керек болот. Ушулардын баарын эсептеп көрдүк. Албетте, алар (кыргыз тарап — ред.) көбүрөөк сурады, биз "жок" дедик. Талашып-тартышып отуруп ушул келишимге токтолдук", — деди Арипов.
15 Жетинин айы 2022, 14:04