Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Надырбеков: ыктыярчылык багытты колдоого басым жасалат

© Sputnik / Асылбек БактыбековМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2022
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков 2023-жылы өкмөт тарабынан жаш ишкерлерди колдоону колго алуу, ыңгайлуу шарттарды түзүү каралып жатканын айтты.
Кийинки жылы ыктыярчылык багытты колдоого көмөк көрсөтүлүп, ченемдик-укуктук актылар бекитилет. Бул тууралуу Союзбек Надырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Надырбеков: ыктыярчылык багытты колдоого басым жасалат
Анын айтымында, Кыргызстанда ыктыярчылардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоору иштелип чыккан.
"Акыркы 20 жыл аралыгында жаштар багытында бир топ өзгөрүүлөр болду. Мисалы, пандемияга чейин жаштардын ой-жүгүртүүсү башкача болсо, андан кийин таптакыр өзгөрдү. Биз учурдагы реалдуулукка басым жасап, өнүгүү стратегиябызды, концепциябызды карап, бир катар документтерге өзгөртүүлөрдү киргизип, толуктоолорду жасайлы деп турабыз. Министрлик жаштар саясаты жаатында кийинки жылы ыктыярчылык багытты, ишкерликти колдоого жана жаштарды креативдүү индустрияга чакырууга багыт алууда. Кыргызстанда ыктыярчылардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоору иштелип чыккан. Ал кабыл алынып калса, бул тармакта да иш жөнгө салынып калат эле", — деди Надырбеков.
Ошондой эле ал аймактардагы жаштарды колдоо үчүн каржы маселеси чечилип, системалуу кадамдар жасалышы зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0