Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга барышы күтүлүүдө

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2022
Жазылуу
Тараптар Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу да кеп кылышкан.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Сауд Арабиянын ТИМ башчысынын орун басары Валид Аль-Хурейджи менен жолукканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Тараптардын сүйлөшүүсү 7-ноябрда Эр-Риядда өткөн. ТИМ өкүлдөрү эки тараптуу мамиленин жакшы нукта бара жатканын белгилешип, аны саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жаатта мындан ары да өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан.
"ТИМ башчыларынын быйылкы расмий сапарларын эске алуу менен тараптар жакын арада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга расмий сапарын уюштурууга бардык күч-аракетти жумшоону макулдашты", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле алар Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилешип, жаңы долбоорлорду алдыга жылдырууну талкуулашкан.
Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында  Абу-Дабиде бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2022
Биргелешкен холдинг түзүлөт. Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда кол коюлган документтер
Жаңылыктар түрмөгү
0