9-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2022
Жазылуу
9-ноябрга караган түнү абанын температурасы кескин төмөндөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Эртең, 9-ноябрда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, өрөөндөрдө карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен, Ысык-Көл облустарында +3...+8, Таласта 0...+5, Нарын аймагында -3...+2 градус болору айтылды.
Борбор калаада жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, карга айланат. Термометр Бишкекте +6...+8, Ошто +5...+7 градусту көрсөтүп турат.
Төө-Ашуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2022
Ашууларда көчкү жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0