Суук түшөбү? Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүДарак жалбырактарында кар
Дарак жалбырактарында кар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Жазылуу
Абанын температурасы айрым аймактарда күндүз -1 градуска чейин төмөндөй турганы айтылды.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада өлкөдө аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
Маалыматка караганда, келе жаткан жумада өлкөдө күн сууктап, абанын температурасы төмөндөйт. Тоолорго кар жаай турганы айтылды. Бишкекте жума жаңыргандан баштап үч күн катары менен жамгыр жаайт. Шаршембиде кар жаашы ыктымал. 10-ноябрдан тарта күн ачылары айтылды. Абанын температурасы +5...+7 градусту көрсөтөт.

Чүй, Талас облустары

Чүйдө апта башында, тагыраагы, 7-8-9-ноябрда, көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу жерлерине кар жаашы ыктымал. 10-12-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.Абанын температурасы төмөндөп, +3...+8 градус болот. Таласта деле 7-ноябрдан 9-ноябрга чейин жамгыр, тоолоруна жана тоолуу аймактарына кар түшөт. Абанын температурасы 8-ноябрдан тарта төмөндөп, 9-ноябрда күндүз 0...+2 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Оштун аймактарында 6-ноябрда түнкүсүн жамгыр жаап, күндүз кайра күн ачылат. 7-ноябрдан тарта абанын температурасы муздап, жамгыр жаап, тоо этектерине кар түшөт. Абанын температурасы күндүз +2...+7 градус, түнкүсүн -2 градуска чейин суук болот. 10-12-ноябрга чейин күн ачык болору божомолдонду. Жалал-Абад менен Баткенде күндүн көзү 7-ноябрдан тарта бузулуп, бул күнү жамгыр жаайт. Үч күн катары менен суук болуп, абанын температурасы эки аймакта тең күндүз +5...+7 градус, түнкүсүн 0...+2 градуска чейин төмөндөйт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарын менен Ысык-Көлгө бул аптада суук түшөт. 8-9-ноябрда Ысык-Көлдүн өрөөндөрүнө жана тоолуу аймактарына кар түшүп, абанын температурасы күндүз -1...+4 градус суук болору айтылды. 10-12-ноябрь жаан-чачын күтүлбөйт. Нарында да 8-9-ноябрда жамгыр, кар жаап, абанын температурасы -1…+1 градуска чейин төмөндөйт.
Жүргүнчүлөр аэропорттун багажды кабыл алуу аймагында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2022
Аэропорттон жүктү жоготуп алганда эмне кылуу керек? "Манас" аба майданынын жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0