Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ахмедов: вирустук инфекциялар дагы тери ооруларын пайда кылат

© Sputnik / Асель СыдыковаМедицина илимдеринин кандидаты, КММАнын тери-венерология кафедрасынын ассистенти Наби Ахмедов
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын тери-венерология кафедрасынын ассистенти Наби Ахмедов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
Жазылуу
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын тери-венерология кафедрасынын ассистенти Наби Ахмедов жугуштуу тери оорулары жана аларды алдын алуу, дарылоо жолдору тууралуу айтып берди.
Тери оорулары көп учурда жалпы организмдин илдеттери менен тыгыз байланышта болот. Нерв системасынын, ички органдардын, кан жана башка оору тууралуу маалыматты теринин абалын карап эле айтса болот. Бекеринен дарыгерлер тери адамдын ички ден соолугун чагылдырган күзгү деп айтпаса керек. Бул тууралуу Наби Ахмедов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ахмедов: вирустук инфекциялар дагы тери ооруларын пайда кылат
Анын айтымында, вирустук инфекциялар дагы тери ооруларын шарттайт.
"Адамдын териси — организмди коргоочу, терморегуляция, зат алмашуу жана башка функцияларды аткарган негизги орган. Ошол эле учурда биринчи болуп тышкы чөйрөнүн агрессивдүү таасирине кабылып, жугуштуу ооруларга чалдыгат. Эӊ негизги таралган тери оорулары: грибок, вирустук жана бактериялык патологиялар. Адамдардын дээрлик 80 пайызы буттун грибок оорусуна кабылышат. Анткени ал тез жугат, оорунун күчтүү белгилери жок болгондуктан адам тери оорусуна кабылганын түшүнбөйт. Оор формасында жагымсыз жыт пайда болуп, тырмактар кыйшайып, териде жара пайда болот. Негизинен башка бирөөнүн бут кийимин же кыскан, тердеткен сапатсыз бут кийим кийгенден пайда болот, мончо да бул оорунун пайда болушун шартташы мүмкүн. Ошондой эле стафилококк жана стрептококк инфекциялары теринин ириңдешине алып келет. Фурункул, карбункул жана башка көптөгөн оорулар иммунитеттин кескин төмөндөшү менен пайда болот. Мындан тышкары, учук дагы нерв ткандарына, бетке таасир этет жана катуу ооруну жаратат. Оорунун кандайдыр бир белгилери байкалса өз алдынча дарыланбай, дароо дарыгерге кайрылуу зарыл", — деди Ахмедов.
Адис адамдын папиллома вирусу (HPV) да өтө кооптуу экенин эскертип, ал онкологиялык ооруларды, анын ичинде репродуктивдүү системанын оорусун козгошу мүмкүн экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0