https://sputnik.kg/20221103/deputat-sunush-mektep-avtobus-1069626677.html
Депутат Бишкекте мектеп окуучулары үчүн автобустарды уюштурууну сунуштады
Депутат Бишкекте мектеп окуучулары үчүн автобустарды уюштурууну сунуштады
Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү миллиондоп грант, насыя алып жаткандан кийин окуучуларга, балдарга да шарт түзүү керектигин белгилеген. 03.11.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-11-03T13:28+0600
2022-11-03T13:28+0600
2022-11-03T13:43+0600
кыргызстан
бишкек
мектеп
окуучу
коомдук транспорт
автобус
пресс-борбор
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/03/1069626519_0:319:3073:2047_1920x0_80_0_0_7a6cf12fb6e2be535b9ee6521936f6cf.jpg
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Азыр каникул болуп, окуучулар эс алып жаткандыктан Бишкекте жол тыгыны кадимкидей азайды. Демек, калаада мектеп автобустарын өзүнчө уюштуруу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев тегерек стол учурунда билдирди.Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда "Бишкектеги транспорт көйгөйү — ким күнөөлүү, маселе кантип чечилет?" аттуу тегерек столу өткөн.Мэриянын Транспорт жана жол транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу декабрда келе турчу 120 автобус калаа тургундарын ташууга гана жетишерин айтып, мектеп окуучуларын ташуу боюнча тийиштүү жумуштар жүрүп жатканын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20221103/bishkekke-dagy-1500dej-avtobus-kerek-1069624289.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/03/1069626519_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_e04f1ba5b2a44bdfdf2493c34e63cd26.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, мектеп, окуучу, коомдук транспорт, автобус
кыргызстан, бишкек, мектеп, окуучу, коомдук транспорт, автобус
Депутат Бишкекте мектеп окуучулары үчүн автобустарды уюштурууну сунуштады
13:28 03.11.2022 (Жаңыртылды: 13:43 03.11.2022) Эл өкүлү миллиондоп грант, насыя алып жаткандан кийин окуучуларга, балдарга да шарт түзүү керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Азыр каникул болуп, окуучулар эс алып жаткандыктан Бишкекте жол тыгыны кадимкидей азайды. Демек, калаада мектеп автобустарын өзүнчө уюштуруу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты
Марлен Маматалиев тегерек стол учурунда билдирди.
Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда "Бишкектеги транспорт көйгөйү — ким күнөөлүү, маселе кантип чечилет?" аттуу тегерек столу өткөн.
"Эки-үч күндөн бери шаарда тыгын азайды. Анткени окуучулар каникулда. Буга чейин жаңы келчү автобустарды мектеп автобусу кылып киргизгиле деп сунуш кылгам. Бул сунушту шаардын мурдагы да, азыркы да жетекчилиги колдогон. Мейли, декабрда келчү 120 автобус шаар тургундарын тейлегенге эле жетишет экен. Бирок, андан тышкары, грант жана насыялардын эсебинен да көп коомдук транспорт алынышы керек. Ошолордун ичинен окуучуларга өзүнчө автобустарды уюштурбаса балдар кыйналып калууда. Пилоттук долбоорду бир райондон, мисалы, Ленин районунан баштап көргүлө. Бул жерде өтө деле чоң жумуш жасоонун кажети жок. Эгер мектеп автобусу кылып уюштуруп койсо, балдар ага кадимкидей жол кире төлөйт. Болгону ага окуучулар гана түшөт жана жүрүү графигин аныктап коюу керек. 100 миллион насыя алып жаткандан кийин балдарга да шарт түзүп бергиле да", — деген эл өкүлү.
Мэриянын Транспорт жана жол транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу декабрда келе турчу 120 автобус калаа тургундарын ташууга гана жетишерин айтып, мектеп окуучуларын ташуу боюнча тийиштүү жумуштар жүрүп жатканын кошумчалады.

3 Жетинин айы 2022, 12:01