Кыргызстанда акыркы беш жылда пенсионерлердин саны көбөйдү

© Sputnik / Игорь ЗарембоГезит окуп жаткан кары адам. Архив
Гезит окуп жаткан кары адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2022
Жазылуу
1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 1 780 сомдон 3 170 сомго чейин өсүп, камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга жогорулады.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда пенсия алгандардын саны акыркы беш жыл ичинде 11 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
"Учурда өлкөдө 735 миңдей адам пенсия алат. Аларга дайындалган пенсиянын орточо өлчөмү 2021-жылдын аягында 6 миң 202 сомду түзүп, соңку беш жыл ичинде 16 пайызга жогорулады", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле пенсионерлер жалпы калктын канча пайызын түзөрү айтылды.
"Кыргызстандын жалпы элинин 11 пайызы пенсия алгандар. Ал эми аял-эркекке бөлө келсек, жарымынан көбүн, тагыраагы, 65 пайызын аялдар түзөт", — деди комитеттен.
Эске салсак, быйылкы жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 1 780 сомдон 3 170 сомго чейин жогорулап, камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга көбөйтүлдү. Жыйынтыгында орточо өлчөмү 8 080 сомду түзгөнү айтылды. Бул жыл башындагы көрсөткүчтөн 33 пайызга же 1 988 сомго көп.
Сом купюралары жана монеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 2023-жылы 15 пайызга көбөйүшү ыктымал
Жаңылыктар түрмөгү
0