3-ноябрга карата аба ырайы

© AFP / KIRILL KUDRYAVTSEVЖамгырдан кол чатырдын астына жашынган аял. Архив
Жамгырдан кол чатырдын астына жашынган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2022
Жазылуу
3-ноябрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Ысык-Көл, Нарын өрөөнүнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Таласта +7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көлдө +8...+13, ал эми Нарын аймагында +6...+11 градус болору айтылды.
Ошто түнкүсүн жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12...+14, Ош калаасында +14...+16 градусту көрсөтөт.
Паркта кар жааганда адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2022
Ноябрь айындагы аба ырайы. Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0