https://sputnik.kg/20221027/putin-batyshtyn-orunsuz-kadamdary-tuuraluu-1069426774.html
Эч нерседен уялбай калышты. Путин Батыштын чектен ашкан кадамдары тууралуу
Эч нерседен уялбай калышты. Путин Батыштын чектен ашкан кадамдары тууралуу
Sputnik Кыргызстан
Россия лидери Батыш экономикалык жана соода согушун, санкцияларды, бойкотторду дарядап, ар кыл төңкөрүштөрдү жүргүзүп жаткандыгын айтты. 27.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-27T21:48+0600
2022-10-27T21:48+0600
2022-10-27T22:01+0600
владимир путин
дүйнөдө
россия
иран
украина
акш
касем сулеймани
өлтүрүү
генерал
видео
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/1b/1069425545_0:0:3503:1970_1920x0_80_0_0_434d6f8072525fe8d1757918ef7abc01.jpg
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Батыштын Украинадагы төңкөрүштү каржылагандыгын тастыктагандыгын адепсиздик деп атады.Мамлекет башчы "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун пленардык сессиясында сүйлөдү.Анын айтымына караганда, Батыш Украинадагы 2014-жылдагы төңкөрүшкө канча акча жумшагандыгын айтып, ошол окуялардын уюштуруучусу болгонун билдирген.Андан сырткары, АКШнын Иран генералын тындым кылганын эске салды.Путин "бул эмне дегендик, биз каякта жашап жатабыз?" деген суроо узаткан."Сулейманини, Иран генералын өлтүрүп коюшту. Сулеймани боюнча кандай нерсени жасаса да, мындай кылбаш керек болчу. Ал — башка мамлекеттин расмий адамы эле. Үчүнчү мамлекеттин аймагынан өлтүрүп коюшуп, "ооба, биз өлтүрдүк" дешти. Бул эмне дегендик? Кайда жашап жатабыз?" — деген ал форумда сүйлөп жатып.Эске салсак, 2020-жылы 3-январда Пентагон АКШ Багдаддагы аба майданда Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүн баштаган Касем Сулейманиге каршы операция жүргүзгөнүн тастыктаган. Өлтүрүлгөндөрдүн арасында Сулейманиден тышкары кошуундун орун басары Абу Махди аль-Мухандис менен дагы төрт офицер болгон. Аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигиндеги кол салууга күнөөлөгөн. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен президент Хасан Рухани генералдын өлүмү үчүн өч алууну убадалаган. Өз кезегинде Американын президенти ирандык генералды миллиондогон адамдын, анын ичинде ирандыктардын өлүмүнө күнөөлөгөн. Ошондой эле Трамп Касем Сулеймани миңдеген америкалыкты өлтүрүп же жабыр тарттырганын билдирген.8-январга караган түнү Иран АКШнын Ирактагы аскерий аба базаларына чабуул жасаган. Тегеран муну генерал Сулаймани үчүн өч алуу деп баалаган. Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасап, Иранга каршы курал колдонбой турганын билдирген.
https://sputnik.kg/20220103/iran-sulejmani-olum-aksh-izrail-zhoopko-tartuu-1060935013.html
иран
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/1b/1069425545_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_8c978091c23ae06a325b8380d787fda1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
владимир путин, дүйнөдө, россия, иран, украина, акш, касем сулеймани, өлтүрүү, генерал, видео
владимир путин, дүйнөдө, россия, иран, украина, акш, касем сулеймани, өлтүрүү, генерал, видео
Эч нерседен уялбай калышты. Путин Батыштын чектен ашкан кадамдары тууралуу
21:48 27.10.2022 (Жаңыртылды: 22:01 27.10.2022) Россия лидери Батыш экономикалык жана соода согушун, санкцияларды, бойкотторду дарядап, ар кыл төңкөрүштөрдү жүргүзүп жаткандыгын айтты.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Батыштын Украинадагы төңкөрүштү каржылагандыгын тастыктагандыгын адепсиздик деп атады.
Мамлекет башчы "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун пленардык сессиясында сүйлөдү.
Анын айтымына караганда, Батыш Украинадагы 2014-жылдагы төңкөрүшкө канча акча жумшагандыгын айтып, ошол окуялардын уюштуруучусу болгонун билдирген.
"Батыш экономикалык жана соода согушун, санкцияларды, бойкотторду даярдап, түстүү ыңкылаптарды уюштуруп, ар кыл төңкөрүштөрдү жүргүзүп жатат. Алардын бири кесепетин тийгизип, 2014-жылы Украинаны трагедияга такады. Колдошту! Ал тургай канча акча жумшаганын айтышты. Чектен чыгышты. Эч нерседен уялбай калышты!" — деген Россия лидери.
Андан сырткары, АКШнын Иран генералын тындым кылганын эске салды.
Путин "бул эмне дегендик, биз каякта жашап жатабыз?" деген суроо узаткан.
"Сулейманини, Иран генералын өлтүрүп коюшту. Сулеймани боюнча кандай нерсени жасаса да, мындай кылбаш керек болчу. Ал — башка мамлекеттин расмий адамы эле. Үчүнчү мамлекеттин аймагынан өлтүрүп коюшуп, "ооба, биз өлтүрдүк" дешти. Бул эмне дегендик? Кайда жашап жатабыз?" — деген ал форумда сүйлөп жатып.
Эске салсак, 2020-жылы 3-январда Пентагон АКШ Багдаддагы аба майданда Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүн баштаган Касем Сулейманиге
каршы операция жүргүзгөнүн тастыктаган. Өлтүрүлгөндөрдүн арасында Сулейманиден тышкары кошуундун орун басары Абу Махди аль-Мухандис менен дагы төрт офицер болгон. Аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигиндеги кол салууга күнөөлөгөн. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен президент Хасан Рухани генералдын өлүмү үчүн өч алууну убадалаган. Өз кезегинде Американын президенти ирандык генералды миллиондогон адамдын, анын ичинде ирандыктардын өлүмүнө күнөөлөгөн. Ошондой эле Трамп Касем Сулеймани миңдеген америкалыкты өлтүрүп же жабыр тарттырганын билдирген.
8-январга караган түнү Иран АКШнын Ирактагы аскерий аба базаларына чабуул жасаган. Тегеран муну генерал Сулаймани үчүн өч алуу деп баалаган. Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасап, Иранга каршы курал колдонбой турганын билдирген.