Кыргызстанда гемодиализ алып жаткан бейтаптардын саны бир жылда 369га көбөйдү

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүГемодиализ аппаратындагы бейтап. Архив
Гемодиализ аппаратындагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2022
Жазылуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жыл сайын бөйрөк оорулары көбөйүп жатканын эскертип, аны алдын алуу үчүн дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп коюуну сунуштады.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бөйрөгү ооруп (5-стадияда), гемодиализ алып жаткан бейтаптардын саны бир жылда 369га өстү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылы мамлекеттин "Гемодиализ" базасында 1 833 бейтап каттоодо турса, быйыл 2 202 адам катталган.
"2022-жыл жаңыргандан сентябрь айына чейин бейтаптарга гемодиализдин 222 800 сеансы жасалган. Бул 2021-жылдагы ушул убакытка салыштырмалуу 34 500гө көп. Бейтаптар диализ алууга акы төлөбөйт, бекер алышат. Алар республикалык бюджеттен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан каржыланат. Тогуз ай ичинде фонд бул кызматка 1 миллион 26 миң сом төлөгөн", — деп жазылат маалыматта.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жыл сайын бөйрөк оорулары көбөйүп жатканын эскертип, аны алдын алуу үчүн дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп коюуну сунуштады. Үй-бүлөлүк медициналык каттоодо тургандар дарыгеринен акысыз консультация алып, анализ тапшырып койсо болот. Кошумча маалымат алуу үчүн 113 түз байланышына чалуу сунушталат.
Компьютердик томография. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Кыргызстанга 5 компьютердик томография алып келинди. Бөлүнгөн аймактар
Жаңылыктар түрмөгү
0