Сокулукта 15 жаштагы кызды турмушка берген кудалар жазага тартылды. Соттук өкүм

© Sputnik / Табылды КадырбековБетин жаап турган кыз. Архив
Бетин жаап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2022
Жазылуу
Ата-энелер балдары кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндүктөн үйлөнүшүнө каршы болушпаганын айтышкан.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда 15 жаштагы кыз менен 17 жаштагы жигитти үйлөндүрүп койгон ата-энелер бир жарым жылдык пробациялык мөөнөткө кесилди. Бул туурасында Соттук актылар порталына жарыяланды.
Алар Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу") менен күнөөлүү деп табылган. Сотко Сокулук райондук балдарды коргоо бөлүмүнүн социалдык кызматкерлери кайрылган.
Кыздын атасы 57 жаштагы Н.А. ишканада кароолчу, апасы 54 жаштагы К. Н. жумушчу болуп иштейт. Алар үч баланы тарбиялап чоңойткон. Соттук отурумда күнөөсүн толугу менен мойнуна алышкан.

"Кызым А.Н. күйөө балам А.Ж. менен сүйлөшүп жүргөн. Алар 9-классты аяктагандан кийин кудам Г.К. кызымдын колун сурап келген. Андан соң 2021-жылдын 28-августунда Сокулуктун 1-Май айылындагы мечитке даваатка келген бейтааныш адамды чакырып, никесин кыйдырып, турмушка бергенбиз. Ал учурда жашы жете электерге баш кошууга тыюу салынганын билгем. Бирок кызым турмушка чыгууга каршы болгон эмес, ошол учурда суицид өңдүү фактылар көп болуп жаткандыктан макулдук бергем", — деп айткан атасы.

Ал эми апасы К. Н. турмушка берүүгө каршы болгонун, бирок өзүн-өзү өлтүрүү сыяктуу кадамдарга барышынан коркуп кызынын көңүлүн кыя албаганын айткан. Натыйжада жашы жете элек балдар үй-бүлө куруп жашап, кыз 2022-жылдын 6-июнунда төрөгөн.
Жигиттин атасы К.Г. баласынын үйлөнүшүнө каршылык көрсөтпөй кудалыкка өзү барганын моюндаган. Ал 44 жашта, алты баласы бар, жубайы менен ажырашкан.
Өспүрүмдөр мектепте бир класста окушчу, 9-классты бүткөндөн кийин баш кошкон.
Натыйжада Сокулук райондук соту кудаларды күнөөлүү деп таап, ар бирин үч жылга эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучулар күнөөлөрүн толук мойнуна алып өкүнгөндүгү, үй-бүлөлүк абалы жана биринчи жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканы эске алынып жазасы жеңилдетилген. Мындан улам сот бир жыл алты айга пробациялык көзөмөл колдонуу өкүмүн чыгарган.
Пробациялык мөөнөттүн ичинде үчөө тең жашаган жери боюнча пробациялык органга катталып өлкөдөн уруксатсыз чыкпоого, жашаган жери өзгөргөнү тууралуу кабарлоого, каттоо жана профилактикалык маектешүүгө катышуу үчүн айына эки жолу келүүгө милдеттендирилген.
Ала качуу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Ошто өспүрүм кызды ала качууга шектелип төрт киши кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0