АКШда санкциялар Россияны алсырата албаганы айтылууда

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүГаз бөлүштүрүүчү станциянын бөлүүчү заводдор блогунун жумушчусу. Архив
Газ бөлүштүрүүчү станциянын бөлүүчү заводдор блогунун жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Жазылуу
Эксперттин пикиринде, энергиянын баасы кескин көтөрүлүп кеткендиктен санкциялар натыйжасын берген жок.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. АКШ менен Евробиримдиктин Россияга киргизген санкциялары экономикасын алсыратышы керек эле, бирок тескерисинче, мындан Батыш жапа чегип, рубль бекемделди. Бул тууралуу New York Post басылмасынын баяндмачысы Филип Пилкингтон жазганын РИА Новости билдирди.
"Чектөөлөр өзүбүзгө эле терс таасирин тийгизип, Россияга жана анын союздаштарына пайда алып келүүдө. Бул нерсени өзгөртүү керек", — деди автор.
Анын пикиринде, энергиянын баасы кескин көтөрүлүп кеткендиктен санкциялар натыйжасын берген жок. Россиянын негизги экспорту мунай жана газ болгондуктан өлкө мурунку жылга караганда көп киреше таба алды.
Пилкингтон рубль тоскоолдуктардын жардамы менен долларга карата болжолдуу 23 пайызга өскөнүн белгилеген.
Батыштын Россиянын энергиясынан баш тартуу тактикасы да ишке ашкан эмес. Анткени Москва мунай жана газ жеткирүү боюнча Кытай жана Индия менен макулдашкан.
"Россияга каршы санкциялар максатына жетпей калды. Рубль мурдагыдан күчтөндү, Россиянын аскерий бюджети энергиянын кымбатташынан өсүп жатат. Мындан америкалык керектөөчүлөр жапа чекти, европалыктарды катаал кыш күтүп турат. Энергиянын баасын төмөндөтүү үчүн бардык аракеттерди жасашыбыз керек", — деген Пилкингтон.
Батыш мамлекеттери Москвага каршы санкция киргизип, россиялык отундан баш тарткандан кийин кымбатчылыкка тушуккан. Энергоресурска баанын асмандашы менен Европанын өнөр жай тармагы атаандаштык жараткан артыкчылыгынан кол жууп, мындай жагдай экономиканын башка тармактарына да катуу таасир этти. Мындан тышкары, АКШ менен Европа өлкөлөрүндө инфляция болуп көрбөгөндөй өстү.
Франциядагы газ терминалы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
АКШ газдын баасы боюнча кош стандарттуулукка барууда. Макрон кине койду
Жаңылыктар түрмөгү
0