Мишустин: ЕАЭБ санкциялар шартында да туруктуулукту камсыздай алат

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн желектери
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
Жазылуу
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүшчүлөрү Россиянын бошоп калган рыногун ээлеп алышты.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. ЕАЭБде жумушсуздуктун деңгээли дүйнөлүк жана европалык көрсөткүчтөргө салыштырмалуу төмөн болду. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Ереван шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.
Мишустиндин сүйлөгөн сөзүнүн маанилүү учурлары:
Ички дүң продукциянын адам башына эсептелген суммасы үч эсеге өстү. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору;
ЕАЭБдеги жумушсуздуктун деңгээли былтыр беш пайыздан аз болду, бул дүйнөлүк жана европалык көрсөткүчтөрдөн төмөн;
ЕАЭБдин ресурстук базасы санкциялар шартында анын туруктуулугун камсыздоого дарамети жетет;
Түзүлгөн геосаясий кырдаалда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүшчүлөрү биздин бошоп калган рынокту ээледи;
Соодада алтымышка жакын барьер жоюлду.
Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
Мишустин: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы тышкы өзгөрүүлөргө көнүп калган
Жаңылыктар түрмөгү
0