00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:54
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как отличить инвестиции от пирамиды и не пожалеть
12:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Орус тили жана Пушкин: маданият, билим берүү жана заманбап окутуу ыкмалары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Особый акцент
Принять или отказаться - юрист о том, когда наследство становится источником проблем
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Обычная уборка на даче может закончиться хантавирусом — врачи объясняют почему
16:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Особый акцент
Принять или отказаться - юрист о том, когда наследство становится источником проблем
21:10
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Парламентте чек аралаш айылдын тургундарына курал берүү мыйзамы кабыл алынды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАвтомат. Архив
Автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Жазылуу
Мыйзам күчүнө кирсе керектүү учурда президент аскердик абал киргизбей туруп эле жарым-жартылай мобилизация жарыялай алат.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште чек аралаш айылдардын тургундарына курал берүү тууралуу мыйзам долбоору дароо үч окууда кабыл алынды.
Аталган демилге бүгүн жабык эшик артында каралып, добуш берүүдө колдоо тапты.
Ага ылайык, "Мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө", "КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө", "Курал жөнүндө" жана "Чек ара ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүү киргизилет.
Анын алкагында курал берүүдөн сырткары, керектүү учурда президентке аскердик абал киргизбей туруп эле жарым-жартылай мобилизация жарыялоого уруксат берилет.
Буга чейин тармактык комитеттерде каралганда демилгечи депутат Марлен Маматалиев бардык жарандарга эле курал берилбей турганын айткан.
"Негизинен биз эч бир согуштук аракеттерге даярданган жокпуз. Бирок "тынч жашагың келсе, согушка даярдан" дейт эмеспи. Биз мыйзамдарды даярдап коё берели. Баткенге барганда бул орчундуу маселе экенине күбө болдук. Коргоо министрлиги жана жергиликтүү калк тарабынан маселе көтөрүлдү. Азыр беш жылдык тажрыйбасынан кийин гана ок атуучу курал ала алышат. Биз керектүү учурда тажрыйбасына карабай эле курал берүүнү сунуштадык. Алар мергенчилер, атайын даярдыктан өткөн жарандар болушу мүмкүн", — деп түшүндүргөн Маматалиев.
Жалпысынан алганда, курал берүү процедурасы жөнөкөйлөштүрүлөт. Анын жол-жобосун Ички иштер министрлиги иштеп чыгышы шарт.
Бул Баткен облусундагы жана Алай, Чоң-Алай райондорундагы чек ара тилкелерине жакын жайгашкан аймактагыларга тиешелүү экени айтылды.
Бул мыйзамга Жанар Акаев демилгелеген жай тургундардан чек ара сакчыларын түзүп, курал берүү долбоору да бириктирилген. Анда учурдагы "Чек ара ыйгарым укуктууларын" "Чек ара сакчылары" деп атоо сунушталган. Алар чек араны ыкчам коргоо жана чек арачыларга кызматтык-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда көмөктөшүү үчүн тартылары айтылган.
Окоптогу жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Окоп казып, курал ташып жатышат. Депутат Тажикстан менен сүйлөшүүнү талап кылды
Жаңылыктар түрмөгү
0