Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сагыналы: Кыргызстанда майыптар үчүн инклюзивдүү коворкинг-борбор ачылат

© Sputnik / Асель СыдыковаСоциалдык ишкерлер ассоциациясы башкармалыгынын мүчөсү, социалдык ишкер Бакытбек Сагыналы
Социалдык ишкерлер ассоциациясы башкармалыгынын мүчөсү, социалдык ишкер Бакытбек Сагыналы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Жазылуу
Социалдык ишкерлер ассоциациясы башкармалыгынын мүчөсү, социалдык ишкер Бакытбек Сагыналы 2012-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштешип келерин айтты.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Социалдык ишкерлер ассоциациясы менен биргеликте Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн биринчи инклюзивдик коворкинг-борбор түзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Бакытбек Сагыналы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Сагыналы: Кыргызстанда майыптар үчүн инклюзивдүү коворкинг-борбор ачылат
Анын айтымында, инклюзивдүү коворкинг-борбор өлкөдөгү ар кандай майыптыгы бар адамдар үчүн толук жеткиликтүү болгон биринчи аянтча болот.
"Жакында эле министрлик менен ассоциациянын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Аземге министр Кудайберген Базарбаев жана Социалдык ишкерлер ассоциациясы башкармалыгынын төрагасы Мирбек Асангариев катышты. Меморандумдун алкагында тараптар Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн биринчи инклюзивдик коворкинг борборун түзүү жаатында кызматташууга убада беришти. Бул долбоор уникалдуу, ишке орноштуруу маселелерин чечүүгө, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн заманбап кесиптик санариптик көндүмдөрдү алууга багытталган. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар IT-технологиялар, 2D, 3D графикалык дизайн, SMM боюнча курстар, Youtube сайтында видеоконтент түзүү жаатында заманбап билимдерге ээ болуп, дизайндык ой жүгүртүүнү (design thinking) үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле социалдык ишкердик, бизнес-пландоо, маркетинг жана долбоорлорду башкаруу боюнча көндүмдөр үйрөтүлөт. Борборго 18 жаштан жогорку адамдар кабыл алынып, бир айдай билим алышат. Социалдык ишкерлер ассоциациясы 2012-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштешип келет. Андыктан биз бул долбоорду ишке ашырууда 10 жылдык тажрыйбабызды колдонобуз", — деди Сагыналы.
Ал инклюзивдүү коворкинг-борбор жыл аягына чейин ачыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0