Коргоо министри: калыс тарап жок Кыргызстан менен Тажикстан эпке келе албайт

© Sputnik / Эмиль СадыровКоргоо министри Бактыбек Бекболотов
Коргоо министри Бактыбек Бекболотов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Жазылуу
Аткаминер эки өлкөнүн ортосунда тынчтык орнотуу үчүн эмне кылуу керектигин түшүндүргөн.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда калыс тарап болмоюн тынчтык орнобойт. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов маалымат жыйын учурунда билдирди.
Ал жакында эле Кыргызстанга ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась келгенин айтып, аны менен бул маселе боюнча сүйлөшкөнүн белгиледи.
"Мен ага Кыргызстан менен Тажикстан элдеше албай турганын айттым. Эмнеге? Себеби кыргыз тараптын өз чындыгы, тажиктердин өз чындыгы бар. Эки өлкөнүн ортосунда калыс караган орган болушу керек. Мисалы, ЖККУдан деле чакан контингент үч тапшырманы чечип берсе", — деген министр.
Аткаминер милдеттерди санап берген.
"Биринчиси — ок атууну токтотууну көзөмөлдөө. Экинчи — чек арадан оор техника, курал-жаракты алып кетүү. Эгер бул маселелер чечилсе, үчүнчүсүн, саясий маселени караса болот. Ал — кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо. Бул 30 жыл эмес, 98 жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөй", — деди Бекболотов.
Депутат Динара Ашимова ЕКПАнын жыйынына катышты  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Депутат Ашимова Европа өлкөлөрүн Тажикстанга курал сатууга тыюу салууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0