Кыргызстан Беларустан "Печора-2БМ" зениттик-ракеталык комплексин сатып алды

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүү"Печора-2БМ" зениттик-ракеталык комплекси. Архив
Печора-2БМ зениттик-ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Жазылуу
Министр абадан коргонуу күчтөрү үчүн сатып алынган жаңы комплекс жакында Баткен облусуна жеткирилерин айтты.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстан Беларустан "Печора-2БМ" зениттик-ракеталык комплексин сатып алды. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов маалымат жыйында билдирди.
Министрдин айтымында, "Белтехэкспорт" компаниясы менен комплексти сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр бир жылдан бери жүргүзүлүп келген.
"Печора-2БМ" зениттик-ракеталык комплексти ушул айдын аягында Баткен облусуна коюп, аба мейкиндигин жабууга  аракет жасап жатабыз", — деди министр.
Маалымат жыйында мындан тышкары кыргыз-тажик чек арасы тууралуу да кеп болду.
Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Өкмөт: Баткендеги бир айлык аскердик кызмат эки айга теңелет
Жаңылыктар түрмөгү
0