Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Баткенде чек ара чырынан жабыркаган 311 кишиге 200 миң сомдон берилди

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүТажикстандын кол салуусу учурунда талакаланган үйүнүн жанында турган адам. Архив
Тажикстандын кол салуусу учурунда талакаланган үйүнүн жанында турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2022
Жазылуу
Баткен, Лейлек райондорунун жашоочуларына 13 870 тонна көмүр түшүрүлгөн.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркаган 311 кишиге 200 миң сомдон берилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлик атайын эсепке канча акча которулганын да айткан.
"Атайын эсепке 320 миллион 060 миң 289 сом түштү. Көрсөтүлгөн суммадан чек арадагы чырда жабыркаган 311 жаранга 200 миң сомдон бөлүнүп берилди", — деп жазылат кабарда.
Мындан тышкары, Баткен, Лейлек райондорунда жабыркагандарга 13 870 тонна көмүр түшүрүлгөнү кошумчаланды.
Бишкек мэриясы Баткенде турак жайсыз калгандарга убактылуу баш калкалап туруу үчүн мобилдик үйлөрдү жөнөттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Бишкек мэриясы Баткенде үйсүз калгандарга мобилдик турак жай жөнөттү. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0