18-октябрга карата аба ырайы

© Фото / Pixabay/ malubengКөлчүккө түшкөн жалбырак. Иллюстративдик сүрөт
Көлчүккө түшкөн жалбырак. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2022
Жазылуу
Шейшембиде тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. 18-октябрда көпчүлүк аймактарга мезгил-мезгили менен жамгыр, тоо этектерине кар аралаш жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +11...+16, Ысык-Көл облусунда +10...+15, Нарында +8...+13 градус болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы +11...+13, Ошто +14...+16 градус болору айылды.
Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2022
Эскертүү! Бүгүндөн тарта Боомдо таш кулатуу иштери жүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0