Дыйкандар түшүмүн сатса болот. Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2022
Жазылуу
НовостиTelegram
Айыл чарба жана агроөнөр жай көргөзмө-жарманкесинде дыйкан-фермерлер түшүмүн, малын сатууга шарт түзүлөт. Мындан тышкары, көргөзмөгө техника коюлуп, лизинг алууга болот.
БИШКЕК, 15-окт.— Sputnik. 20-22-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы эски аянтта "АгроТехЭкспо — 2022" көргөзмөсүнүн алкагында "ОрганикЭкспо — 2022" жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкелери өтөт. Бул тууралуу айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров билдирди.
Анын айтымында, жыл сайын күз мезгилинде дыйкан-фермерлер үчүн жарманке уюштуруу салтка айланууда. Бул жылы иш-чара министрликтин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналат.
"Мааракенин урматына жана Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара ири масштабда уюштурулат", — деди ал.
Ал белгилегендей, акыркы жылдарда дыйкандар арасында органикалык заттарды өндүрүү кенен жайылууда.
“Көргөзмө-жарманкени бир нече багытка бөлдүк. Биринчи топко органикалык көргөзмө кирет, анда ушул тармакта эмгектенген 50дөн ашык дыйкан-фермерлер катышат. Министрлер кабинетинин кластердик ыкма менен айыл чарбаны өнүктүрүү чечими бар, ошого байланыштуу экинчи багытта кластердик ыкмага чоң аянтча бериле турган болду. Анда 13 кластер жетишкендиктерин, продукцияларын көрсөтүп, кайра иштетүү боюнча кеңештерин айтышат. Мындан тышкары, президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте "Алтын күз" жарманкеси уюштурулуп, Чүй өрөөнүндөгү дыйкан-фермерлер өздөрүнүн түшүмүн, малын сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Буга облустан жүздөн ашык дыйкан-фермер катыша турган болду", — деди Алишеров.
Көргөзмөгө келгендер айыл чарба жаатындагы алдыңкы техникалар менен таанышып, аларды лизингге алуу боюнча сүйлөшүүгө болот.
Көргөзмө-жарманке министрликтин мааракесине арналгандыктан мекеменин курамына кирген түзүм, департаменттин кызматкерлери да катышып, ар бири өз бөлүмдөрү, аткарган кызматы менен тааныштырышат. Министрлик каалоочуларды жарманкеге катышууга чакырды.
Заведующая сектором планирования и координации госпрограмм и проектов Госагентства по делам местного самоуправления и межэтнических отношений при ПКР Венера Давлетбакова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2022
Радио
Давлетбакова: дыйкандарды бириктирүү мезгил талабы
Жаңылыктар түрмөгү
0