РФтин экс-премьери: Путинди Минск макулдашуусуна кол коюуга Меркель ынандырган

© AFP / JOHN MACDOUGALLГерманиянын экс-канцлери Ангела Меркель жана Россия президенти Владимир Путин. Архив
Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель жана Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Жазылуу
Степашин Путин өзүн жана Россияны алдап кеткендерге мамилеси катаалдашканын айтты.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель Россия президенти Владимир Путинди Минск макулдашуусуна кол коюуга көндүргөн башкы саясатчы, бул документ болбосо Москва ошондо эле "Новороссияны" улутчулдардан бошотуу маселесин чечип алмак. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Россия өкмөтүнүн мурунку төрагасы Сергей Степашин айтып берген.
© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүФинал конкурса "Лидеры России" в Сочи
Финал конкурса Лидеры России в Сочи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
"Путинди Минск макулдашуусуна кол коюуга Ангела Меркель ынандырган. Новороссияны улутчулдардан ошондо эле бошотуп алмакпыз. Анда жеңилирээк болмок, бирок Германиянын канцлери "күтө туралы, Минск макулдашуусуна кол коелу, сүйлөшөлү" деген", — деди Степашин.
Анын айтымында, президенттик жылдарында Путин катаал боло түштү.
"Мен кызматтан кетип жатканда баарыбыз Батыш менен эпке келдик деген ойдо болчубуз. Ишенгенбиз, мен дагы, Борис Николаевич дагы, президенти дагы", — деди Степашин.
Өкмөттүн мурунку төрагасы Путин АКШ президенти, Улуу Британия премьери жана Германия канцлери менен жолукканын айтып берген. Анда Россия НАТОнун кеңейиши жана Варшава макулдашуусуна кол койгон мамлекеттерди куралдандырбоо тууралуу сүйлөшкөн. Бирок эч бир макулдашуу аткарылган жок.
"Албетте, аны да, биздин өлкөнү да алдап кеткендерге мамиле катаалдашат", — деди Степашин.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кулеба Украина АКШ жана Британия менен бирге контрчабуул жасаганын моюндады
Жаңылыктар түрмөгү
0