Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Исаков: Манасты кириш бөлүмдөн тарта Чоң казатка чейин айттым

© Sputnik / Асель АкматКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаков
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаков Түркияда өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында беш сутка аралыгында оозуна наар албай манас айтканын билдирди.
Гиннес китебинин рекорддор тизмесине алгач "токтобой көркөм окуу" боюнча катталган. Биз ага катталуу ниетибизди билдирип жатканыбызда манас айтуу эмне экенин сөз менен түшүндүрүп, жеткире алган эмеспиз. Ошондуктан "токтобой көркөм окуу" боюнча гана катыша аласыңар деген талап коюшкан. Бирок иш жүзүндө көрүшкөн соң бул жерде эмоция, сөздү куюлуштуруп кураштыруу, обон, кыраат бар экен деп кайрадан "124 саат манас айтылды" деген сертификат жөнөтө турган болушту. Бул тууралуу Рысбай Исаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Исаков: Манасты кириш бөлүмдөн тарта Чоң казатка чейин айттым
Анын айтымында, эпосту беш сутка токтобой айтууда транска кирген учурлары да болгон.
"Манас айтып Гиннеске катталайын деген жеке менин каалоомдон улам эле бул иш-чара жаралып калган эмес. Уюштуруучулар "аракет кылып калдык эле, эми каттаталы" дешкенинен даярдана баштадым. Үнүмдү катуу айтсам да бүтпөй тургандай кылып машыгып жаттым. Намыска жарачу ишке аттанып жаткан соң жыйынтыгы чыкканча элге жарыялабай турууну эп көргөнбүз. Бирок айрым бир учурлары интернетке тарап кетпедиби. Эми ал боюнча ар кандай абал болуп калды. Биринчиден, курсагымды тырмалабай эле, ашказаным ооруганынан ысык грелка коюп алган болчумун, ал кыймылдаганда өйдө-ылдый жылганынан улам оңдоп турууга туура келди. Кээде боз үй ысып кетет, суу түгөнүп калат, уктабай бир нече саат айткан соң добулбастын үнү мээге жаңырып катуу тийгендей болуп жатты. Мына ушул абалдардын баарын токтобой айтуу талабын бузбай, көзөмөлдөп турушума туура келди. Токтой салып "суу алып келип берчи же түндүктү көтөрүп койчу" десем шартын бузган болор элем. Уйку жагынан таңга жуук гана бир маал кыйналганым болбосо, такыр сезген жокмун. Ачка да болгон жокмун, ал тургай суу ичким келген жок. Баштаар алдында чучук жегем, ошол боюнча айтып бүткөн соң эт себеленген нан ооз тийдим. Бирок 124 саат бою ашказаным бурап ооруп жатты. Айтып бүтөрүм менен оорусу токтоду. Сүкүт абалына кирип, өзүмдүн үнүмдү алыстан угуп жаткандай учурларга туш болуп жаттым, андай маалда айтып жаткан окуя менин үнүмбү деп, ар кандай башка нерселерди сүйлөп тегерегимдегилерге кайрылып, өзүмдү-өзүм текшерип отурдум. Бул уйкусуроо эмес, анткени аң-сезимдүү эле абалда элем. Эпосту кириш бөлүмдөн тарта Чоң казатка чейин айттым. Албетте, айрым жерлерин кенен айтсам кээ бир учурларга токтолбой кеткендерим болду. Гиннеске алгач "токтобой көркөм окуу" деп катташты, эми азыр кагаз иштери жыйынтыкталса "124 саат токтобой манас айтылды" деген сертификат жибермей болушту", — деди Исаков.
Ал манас айтууну Гиннестин рекорддор китебине каттоо аны жайылтуу, дүйнөгө таанытуунун гана бир ыкмасы экенин кошумчалады.
Эске салсак, Рысбай Исаков Түркияда өткөрүлгөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында манас айтуучулук боюнча Гиннестин рекорддор китебине катталган. Ал токтобой 124 саат манас айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0