Кыргыз драма театры Казакстанда Ауэзовдун "Эңлик-Кебек" спектаклин тартуулайт

© Sputnik / Акылбек БатырбековТоктоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры. Архив
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Жазылуу
НовостиTelegram
Спектакль 14-октябрда Түркстанда, 15-октябрда Чымкент шаарында көрсөтүлөт.
БИШКЕК, 13-окт.— Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери Казакстанда Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына карата "Эңлик-Кебек" спектаклин тартуулашат. Бул тууралуу аталган театрдын маалымат кызматы кабарлады.
"Биз Казакстанга сапар алдык. Театр ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен XX кылымдын залкар жазуучусу, казак адабиятчысы Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына карата "Эңлик-Кебек" спектаклин 14-октябрда Түркстан шаарында, 15-октябрда Чымкентте көрсөтөт", — деп жазылат кабарда.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекке Костанай облустук казак драма театры гастроль менен келип кеткен.
Кыргыз драма театрындагы Төлгө спектакли. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Кыргыз драма театрында октябрда коюла турчу спектаклдер
Жаңылыктар түрмөгү
0