Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдымомунов: картошка сатып турнирлерге катышкан учурлар болгон

© Sputnik / Асылбек БактыбековБокс боюнча эл аралык даражадагы спорттун чебери, жаштар арасында дүйнө чемпиону, Афина Олимпиадасынын катышуучусу Айбек Абдымомунов
Бокс боюнча эл аралык даражадагы спорттун чебери, жаштар арасында дүйнө чемпиону, Афина Олимпиадасынын катышуучусу Айбек Абдымомунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
Жазылуу
Бокс боюнча эл аралык даражадагы спорттун чебери, жаштар арасында дүйнө чемпиону, Афина Олимпиадасынын катышуучусу Айбек Абдымомунов чет өлкөдөгү чакырууларга карабай, өлкө спортуна кызмат өтөп жаткандыгын айтты.
Өлкө эгемендүүлүктү алган учурдан 2000-жылдардын башына чейин спортто мамлекеттик колдоо болбой, көбү эл аралык турнирлерге катыша алган эмес. Демөөрчүлөрдү издеп, картошка сатып мелдештерге катышкан учурлар көп болгон. Бул тууралуу Айбек Абдымомунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Абдымомунов: картошка сатып турнирлерге катышкан учурлар болгон
Анын айтымында, убагында көп таланттуу спортчулар мамлекеттик колдоо таппай, карьерасын жыйынтыктап койгон.

"Менин спорттук карьерам Каракол шаарындагы №2 бокс залында башталган. КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Бейшенбек Сабатаровдун кол алдында тарбияланып, алгачкы мелдештерге катышкам. Менин бокстагы алгачкы кадамдарым 90-жылдарга туура келип, оор учурду баштан өткөрдүк. 1995-жылы Казакстанда, Өзбекстанда өткөн эл аралык турнирлерге барып, жеңиш менен келгенбиз. Тилекке каршы, өлкөдөгү экономикалык, социалдык абалга байланыштуу спортто мамлекеттик колдоо дээрлик жокко эсе болчу. Насаатчыбыз демөөрчүлөрдү издеп, картошка сатып мелдештерге катышкан учурлар көп болгон. Кээ бири кыйын турмуштун айынан карьерасын жыйынтыктап, башка ишке өтүп кетишкен. Бир катар чакыруулар болду, башка мамлекетке кетип жакшы жашоо курууга мүмкүнчүлүк болгону менен мекенде кызмат өтөп, кыргыз спортунун өнүгүшүнө аз болсо да салым кошолу деп калганбыз. 2004-жыл мен үчүн абдан ийгиликтүү жылдардын бири болду. Афинада өткөн Олимпиада оюндарына катыштым, Филиппин аралдарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль, Түштүк Кореяда жаштар арасында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңип, чемпион болдум", — деди Абдымомунов.

Ошондой эле адис спорттогу топтогон тажрыйбасын жаш муун менен бөлүшүүгө ар дайым даяр экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0