Бишкекте жасалма 5700 долларга криптовалюта сатып алууга аракеттенишкен. Видео

© AFP / YURI CORTEZАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
Жазылуу
Кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилген.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Борбор калаада жасалма долларды сатууга аракеттенгендер кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Эки эркек киши алдамчылык ниетин ишке ашырууга аракет кылган. УКМК суммасы 5 700 доллар болгон акчага криптовалюта сатып алууга ниеттенген эки эркек кишини кармаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин негизинде иш козголгон.
УКМКдан шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилгенин кошумчалады.
Адам доллар купюралары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2022
УКМК Азербайжандын жаранын жасалма акча сатып жаткан жеринен кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0