00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ибрагимов: "Билим берүү жөнүндө" жаӊы мыйзам долбоору иштелип чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов
Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2022
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов аталган министрлик "Билим берүү жөнүндө" жаӊы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгонун айтты.
"Билим берүү жөнүндө" акыркы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. 20 жылдын ичинде коомдо, өлкөдө көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Дүйнөдө тенденция, талаптар өзгөрүүдө. Ошонун негизинде аталган мыйзамда алмаштырууну талап кылган көп пунктулар бар. Бул тууралуу Бектур Ибрагимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ибрагимов: "Билим берүү жөнүндө" жаӊы мыйзам долбоору иштелип чыкты
Анын айтымында, бул мыйзам Алмазбек Бейшеналиев министр болуп дайындалган 2020-жылы эле башталып, 2021-жылдын февраль айында жумушчу топ түзүлгөн.
"Учурда мектепке чейинки билим берүүдөн баштап, кесиптик билим берүүгө чейин бардык чөйрөлөрдө билим берүү тармагындагы ишмердүүлүктү жөнгө салуучу беш негизги мыйзам бар. Талдоо көрсөткөндөй, ченемдер негизинен эскирген, алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбадан артта калган, коомдун заманбап керектөөлөрүнө жооп бербейт жана системалык, комплекстүү, концептуалдык өзгөрүүлөрдү талап кылат. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги жаңы редакциядагы мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Анын кабыл алынышы өлкөдөгү билим берүү системасынын абалын жакшыртууга, аны модернизациялоо, билим берүү кызматтарынын рыногун өнүктүрүү жана жалпысынан сапатын жогорулатуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет. Мисалы, мектептерде 12 жылдык билим берүүгө акырындык менен өтүүнү эске алсак, келечекте ченемдик-укуктук карама-каршылыктарды болтурбоо максатында мектепке чейинки даярдоону караган беренелер алып салынат. Атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоо максатында мектепте профилдүү билим берүү маселелери каралды. Мыйзам долбооруна ылайык, мындан ары мектепке чейинки, жалпы билим берүү программаларын, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери сынактын негизинде дайындалат. Документ 12-октябрга чейин коомдук талкууда болот", — деди Ибрагимов.
Ал мыйзам долбоору боюнча министрлик май айында Баткен, Нарын, Талас, Каракол, Ош, Жалал-Абад шаарларында талкуу өткөрүп, сунуштарды кабыл алып, коомдук уюмдардын да кайрылууларын караганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0