Грек-рим күрөшүнүн балбандары дүйнө кубогуна барат. Атаандаш мамлекеттер

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшү. Архивдик сүрөт
Грек-рим күрөшү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
Жазылуу
Дүйнө кубогуна күрөш жагынан эң күчтүү беш мамлекеттин гана спортчулары катышат. Арасында Кыргызстан да бар.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Азербайжанда өтө турган дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюму (UWW) кабарлады.
Мелдеш 5-6-ноябрь күндөрү Бакуда өтмөкчү.
Эл аралык уюмдун маалыматында, дүйнө кубогуна эң күчтүү беш мамлекеттин гана спортчулары катышат. Командалар Сербияда өткөн дүйнө чемпионатындагы ийгиликтерине карап тандалган. Анда Кыргызстандын курама командасы 5-орунду ээлеген болчу.
Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан А тайпасына туш келди, бул жакта Иран менен Түркия бар. Ал эми В тайпасына Азербайжан жана Сербия түштү.
Азырынча өлкө атынан кайсы спортчулар жөнөтүлө турганы айтыла элек.
Кыргызстандын таэквондочулары Казань шаарында дүйнө кубогунда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
Дүйнө кубогунда Кыргызстандын таэквондочулары 18 алтын медаль утту. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0