Депутаттар жаңы төраганы бүгүн эле шайлай турган болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин төрагасынын орду. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасынын орду. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Жазылуу
Тыныгуудан кийин талапкерлер сунушталат.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеш бүгүн эле жаңы төраганы шайлай турган болду.
Депутат Жанар Акаев бүгүнкү күн тартибиндеги маселелерди артка жылдыра туруп, төрага шайлап алууну сунуштады.
Андан соң депутаттар саат 14:00гө чейин тыныгууга чыгышты. Бул аралыкта фракциялар өз ара макулдашып, төрагалыкка талапкерин көрсөтөт.
Жыйынды вице-спикер Улан Примов башкарып жатат.
Мурдагы спикер Талант Мамытов бүгүн кызматтан кетип, ага чек ара маселеси боюнча жабык жыйындагы чуу себеп болгонун айтты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Мамытов ЖК төрагалыгынан кетти. Ордуна ким келиши мүмкүн?
Жаңылыктар түрмөгү
0