30-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТалас облусундагы бийик тоолордогу боз үйлөр. Архив
Талас облусундагы бийик тоолордогу боз үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2022
Жазылуу
30-сентябрда республика аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +17…+22, Талас облусунда +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +21…+26, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +17…+22 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +19…+21, Ош шаарында +24…+26 градус болот.
Кол чатыр көтөрүп көчөдө бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2022
Жамгыр жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0