Меркель Путиндин сөзүн көз жаздымда калтырбоого чакырды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүү Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель жана Россия президенти Владимир Путин. Архив
 Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель жана Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2022
Жазылуу
РФ лидери буга чейин элге кайрылып, "Россияны өзөктүк курал менен опузалагандарга" эскертүү берген.
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель Россия президенти Владимир Путиндин сөзүнө олуттуу маани берүү зарылдыгын билдирди. Анын айткандарын Süddeutsche Zeitung жарыялаган.
Меркель "Федералдык канцлер Гельмут Колдун фондунун" ачылышына катышканы маалым болду. Өз сөзүндө экс-канцлер азыркы саясий кырдаалга да токтолгон. Меркель буга чейин да россиялык лидердин айткандарын көз жаздымда калтыруу чекилик болорун эскерткенин белгилеп, азыр да ал сөзү актуалдуу экенине токтолду.
"Путиндин билдирүүлөрүнө угар-укмаксан болбой, олуттуу маани берүү керек. Бул алсыздыктын эмес, ыгын таап кырдаалдан чыгууну кепилдеген саясий даанышмандыктын белгиси", — деген Меркель.
Эскерте кетсек, буга чейин РФ лидери Владимир Путин элге кайрылып жатып, Россияны "өзөктүк курал менен коркутуп жаткандар" "андан өздөрү жапа чегип калышы мүмкүн" экенин эскерткен болчу.
РФ президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш чектен чыгып бара жатат... Путиндин кайрылуусу
Жаңылыктар түрмөгү
0